29-статья. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктары
Күчүндө · 18.03.2025 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 февраля 2023 года № 36
Калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары:
1) Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турган адамдардан арыздарды кабыл алат, мындай арыздарда негизделген фактыларды жана документтерди текшерет;
2) Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алуу жөнүндө жана жарандыктан чыгуу жөнүндө арыздар боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна жөнөтөт;
3) Кыргыз Республикасынын жарандыгына Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган адамдардын таандык экендигин аныктайт;
4) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган адамдарга жарандуулук маселелери боюнча материалдарды даярдайт;
5) Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган адамдардан жарандыгын жоготуу маселелери боюнча материалдарды кабыл алат жана аларды Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын кароосуна жиберет;
6) ушул Мыйзамдын 24-статьясынын 1 жана 3-бөлүктөрүндө каралган учурларда жарандыктан чыгуу жөнүндө материалдарды жолжоболоштурат;
7) Кыргыз Республикасынын жарандыгын калыбына келтирүү маселелери боюнча материалдарды кабыл алат;
8) Кыргыз Республикасынын жарандыгын өзгөртүү тууралу чечим кабыл алынган адамдардын эсебин жүргүзөт;
9) Кыргыз Республикасынын аймагында жашап турган адамдарга карата Кыргыз Республикасынын жарандыгы маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кабыл алган чечимдерин аткарат.
(КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.03.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 февраля 2023 года № 36 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику", гражданстве Кыргызской Республики")"Редакцияларды салыштыруу
22.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…боюнча материалдарды даярдайт;
5) Кыргыз Республикасынын аймагында алынып салынды: туруктуу жашаган алынып салынды: адамдардын кошулду: адамдардан жарандыгын жоготуу маселелери боюнча материалдарды кабыл алат жана аларды Кыргыз Республикасынын алынып салынды: жарандыгын жоготкондугун каттоодон өткөрөт;
кошулду: Президентине караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын кароосуна жиберет;
6) ушул Мыйзамдын 24-статьясынын 1 жана 3-бөлүктөрүндө каралган … Кыргыз Республикасынын Президентинин кабыл алган чечимдерин аткарат.
кошулду: (КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202103/st-29" title="29-статья - Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>