24-статья. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу
Күчүндө · 18.03.2025 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 марта 2025 года № 59
1. Ушул Мыйзамдын 26-статьясында каралган учурларды кошпогондо, адамдын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу ал адамдын ыктыярдуу эрк-ниетинин негизинде, мындай адамдын башка жарандыгы бар болсо же адам башка мамлекеттин жарандыгын алганына кепилдик берилсе, жалпы тартипте жүзөгө ашырылат.
2. (КР 2025-жылдын 18-мартындагы № 59 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Ата-энесинин бирөөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болгон, ал эми экинчиси чет өлкөнүн жараны болуп саналган же жалгыз атасы же энеси чет элдин жараны болгон баланын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу эки ата-эненин же болбосо жалгыз атанын же эненин арызы боюнча жүзөгө ашырылат.
(КР 2023-жылдын 22-февралындагы № 36, 2025-жылдын 18-мартындагы № 59 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.03.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 18 марта 2025 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гражданстве Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 февраля 2023 года № 36 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственных гарантиях этническим кыргызам, переселяющимся в Кыргызскую Республику", гражданстве Кыргызской Республики")"Редакцияларды салыштыруу
18.03.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу
1. алынып салынды: Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган кошулду: Ушул Мыйзамдын 26-статьясында каралган учурларды кошпогондо, адамдын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу ал адамдын алынып салынды: өз эрки менен билдирген негизде ушул Мыйзамдын 26-статьясында каралган учурлардан тышкары, кошулду: ыктыярдуу эрк-ниетинин негизинде, мындай адамдын башка жарандыгы кошулду: бар болсо же алынып салынды: адамдын кошулду: адам башка мамлекеттин жарандыгын алынып салынды: алууга кепилдиги болсо, кошулду: алганына кепилдик берилсе, жалпы тартипте жүзөгө ашырылат.
2. алынып салынды: Чет мамлекеттин аймагында жашаган адамдын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуусу ал адамдын өз эрки менен билдирген негизде ушул Мыйзамдын 25-статьясында каралган учурлардан тышкары, адамдын башка жарандыгы же адамдын башка мамлекеттин жарандыгын алууга кепилдиги болсо, жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жүзөгө ашырылат.
кошулду: (КР 2025-жылдын 18-мартындагы № 59 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Ата-энесинин бирөөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болгон, … эки ата-эненин же болбосо жалгыз атанын же эненин арызы боюнча алынып салынды: жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР 2023-жылдын 22-февралындагы № алынып салынды: 36 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 36, 2025-жылдын 18-мартындагы № 59 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202103/st-24" title="24-статья - Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>