19-статья. Статистикалык маалыматтын жашыруундуулугун камсыз кылуу
Күчүн жоготкон · 08.07.2019 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 июля 2019 года № 82.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 февраля 2013 года № 27
Түздөн-түз же кыйыр түрдө дайындуу бир жеке адамды, үй чарбасын, жеке адамдардан турган ишкананы, же өз ишин экономиканын менчик секторунда жүзөгө ашырып жаткан дайындуу бир юридикалык жакты идентификациялоого, же ушул өзүнчө бирдик жөнүндө маалыматты ачууга жол берген баштапкы статистикалык маалыматтар жашыруун болуп саналат. Өз иштерин юридикалык жакты түзбөстөн жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер, дыйкан (фермер) чарбалары, ошондой эле юридикалык жактар, алардын обочолонгон бөлүмдөрү жөнүндөгү төмөнкү маалыматтар жашыруун болуп саналбайт: жеке ишкердин аты-жөнү (ал болгондо) же юридикалык жактын аталышынын толук, кыскартылган (ал болгондо) аталышы; ишканалардын, уюмдардын жана жеке ишкерлердин жалпы идентификациялык коду (ИУЖК); юридикалык дареги (жайгашкан жери); телефондун жана факстын номери, электрондук дареги. Баштапкы статистикалык маалыматтардын жашыруундуулугу аларды жыйноо, кайра иштеп чыгуу жана сактоо процессинде мамлекеттик статистика органдары тарабынан камсыз кылынат. Бул маалыматтар мамлекеттик статистика органдары тарабынан расмий статистикалык маалыматты түзүү максатында же илимий-изилдөө иштеринде гана пайдаланылат. Маалыматтык базаларды белгиленген тартипте идентификацияланбаган түрдө илимий максаттар үчүн берүүгө жана пайдаланууга жол берилет. Эгерде ал жашыруун маалыматты камтыган болсо, статистикалык маалымат пайдалануучуларга берилбейт. Бул учурда жалпыланган маалымат үчтөн кем эмес объект жөнүндө маалыматты камтуусу, ал эми алардын бири туурасындагы маалыматтын үлүшү жалпыланган маалыматтын жалпы көлөмүнүн 85 пайызынан ашпоосу тийиш. Мамлекеттик статистика органдары анын ачыкка чыгуусуна жол бербөө максатында жашыруун статистикалык маалыматты коргоо үчүн жөнгө салуучулук, администрациялык, техникалык жана уюштуруучулук мүнөздөгү бардык чараларды көрүүгө милдеттүү. Өздөрүнүн кызматтык милдеттеринен улам жеке маалыматтарга түздөн-түз жеткен мамлекеттик статистика органдарынын кызматкерлери, интервью алуучулар, эсепчилер, сурап-билүүчүлөр жана башка адамдар бул милдеттерди аткарууну токтоткондон кийин да алардын жашыруундуулугун сактоого милдеттүү. Мамлекеттик статистика органдарынын кызматкерлери жана статистикалык байкоо жүргүзүүгө тартылган адамдар жашыруун маалыматты ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. (КР 2013-жылдын 22-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202074/st-19" title="19-статья - Мамлекеттик статистика жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>