18-статья. Статистикалык маалыматты таратуу
Күчүн жоготкон · 08.07.2019 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 июля 2019 года № 82.
Мамлекеттик, статистикалык же коммерциялык сыр болбогон статистикалык маалыматтарды таратуу төмөндөгүдөй жолдор менен камсыз кылынат: басма сөз басылмаларында үзгүлтүксүз жарыялоо; аны жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу таратуу; аны мамлекеттик статистика органдарынын сайттарына жайгаштыруу; аны мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына, башка юридикалык жана жеке жактарга түздөн-түз берүү. Мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына Статистикалык иштердин программасында каралган статистикалык маалыматты акысыз берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү статистикалык маалыматты акысыз пайдалануучулардын тизмегине ылайык ишке ашырылат. Статистикалык маалыматты акысыз пайдалануучулардын тизмегине киргизилбеген юридикалык жана жеке жактардын суроо-талаптары боюнча статистикалык маалыматты берүү акы төлөө негизинде жүргүзүлөт. Бул суроо - талаптарды аткаруу менен байланышкан чыгымдарды эсептөө жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 08.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202074/st-18" title="18-статья - Мамлекеттик статистика жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>