1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 08.07.2019 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 июля 2019 года № 82.
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: мамлекеттик статистика - статистикалык маалыматты жыйноонун, иштен чыгуунун, талдоонун, таратуунун, сактоонун, коргоонун жана пайдалануунун борборлоштурулган системасы; мамлекеттик статистика иши - мамлекеттик статистикалык байкоолорду жүргүзүү, уюштуруу жана мамлекеттик статистиканы алып баруу, ошондой эле статистикалык методологияны иштеп чыгуу, өркүндөтүү жана пайдалануу менен байланышкан иш - аракеттердин жыйындысы, мамлекеттик статистика системасы - расмий статистикалык маалыматты расмий статистикалык эсепке алуунун субъекттери тарабынан түзүлүүчү, өлкөнүн маалымат ресурстарынын, ошондой эле расмий статистикалык методологиясынын жана маалымат технологияларынын бир бөлүгү болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык расмий статистикалык эсепке алууну камсыз кылуучу респонденттерден алынган баштапкы статистикалык жана администрациялык маалыматтардын жыйындысы; расмий статистикалык эсепке алуу - Кыргыз Республикасынын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндөгү расмий статистикалык маалыматты түзүү жана аны керектөөчүлөргө берүү (таратуу) боюнча мамлекеттик иш; расмий статистикалык маалымат - расмий статистикалык методологияга ылайык расмий статистикалык эсепке алуу субъекттери тарабынан түзүлүүчү Кыргыз Республикасындагы жана анын региондорундагы массалык социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык көрүнүштөрдүн сандык жагын караган документтештирилген (агрегацияланган) маалыматтын жыйнагы; расмий статистикалык маалыматты түзүү - маалымат-талдоо процесси, ал расмий статистикалык маалыматты алуу үчүн статистикалык байкоолорду жүргүзүүнү жана бул байкоолордун натыйжасында алынган маалыматты иштеп чыгууну камтыйт; расмий статистикалык эсепке алуунун субъекттери - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген иш чөйрөсүндөгү расмий статистикалык маалыматты түзүүгө жооптуу болгон мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары; статистикалык байкоо жүргүзүү - расмий статистикалык эсепке алуунун субъекттери тарабынан баштапкы статистикалык жана администрациялык маалыматтарды жыйноо; статистикалык байкоо жүргүзүүнүн формасы - белгиленген тартиптеги статистикалык маалыматтардын расмий статистикалык методологиясынын негизинде баштапкы статистикалык маалыматтарды алууга арналган материалдарга же электрондук булакка жазылган статистикалык документтин формуляры-үлгүсү (бланк, суроолордун тизмеги, анкета); расмий статистикалык методология - расмий статистикалык маалыматты түзгөн учурда колдонулуучу, илимий жактан негизделген усулдар, ыкмалар менен эрежелердин жыйындысы; респонденттер - мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары; юридикалык жактар, алардын филиалдары, бөлүмдөрү, өкүлчүлүктөрү жана башка обочолонгон түзүмдүк бөлүкчөлөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан чет өлкөлүк бөлүкчөлөрү; жарандыгына карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүшкөн жеке адамдар же ушул өңдүү адамдардын жыйындысы; баштапкы статистикалык маалыматтар - респонденттер тарабынан берилген көрүнүштөр менен процесстердин сан жана сапат жагындагы мүнөздөмөлөрү жөнүндөгү документтештирилген маалымат же мамлекеттик статистиканын субъекттеринин ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан түздөн-түз статистикалык байкоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө документтештирилген ушул өңдүү маалымат; администрациялык маалыматтар - мыйзамдарга ылайык жана администрациялык милдеттерди жана өздөрүнүн компетенциясына тиешелүү болгон тапшырмаларды аткаруу максатында мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары (мамлекеттик статистика органдарын кошпогондо), жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана башка юридикалык жактар тарабынан жүргүзүлгөн байкоолордун негизинде алынган маалыматтар; отчеттук-статистикалык документация - отчеттун формалары жана аларды толтуруу боюнча нускамалар, анкеталар, каттоо (сурап-билүү) барактары, статистикалык байкоолорду жүргүзүү үчүн зарыл болгон башка статистикалык формулярлар; жашыруун маалымат - айрым респонденттин ээлигинде, колдонуусунда жана карамагында болгон жана жалаң гана анын макулдугу менен же аны менен макулдашылган шарттарга ылайык таратылуучу, алуу мүмкүнчүлүгү чектелген маалыматка тиешелүү болгон статистикалык маалымат; колдонуучу - статистикалык маалыматты пайдаланган юридикалык же жеке жак.
Берененин тексти 08.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы №43 "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору…Постановление · 24.01.2009 · № 43 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы №460 "«Мамлекеттик статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз…Постановление · 29.06.2012 · № 460 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202074/st-1" title="1-статья - Мамлекеттик статистика жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>