Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Мамлекеттик статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-06-29.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 29-июну № 460 «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча) аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ө. Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ
«Мамлекеттик статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене. «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2007-ж., № 3, 237-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 4-беренесинин 2-бөлүгүндө «баштапкы эсепке алуунун жана» сөздөр алып салынсын.
2. 9-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
«Мамлекеттик статистикалык байкоолорду ишке ашыруу үчүн негиз болуп, Кыргыз Республикасынын Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистри эсептелет, ал юридикалык жактар, алардын филиалдары, бөлүмдөрү, өкүлчүлүктөр жана башка түзүмдүк бөлүмчөлөр, ошондой эле юридикалык жакты түзбөстөн өз ишин жүргүзүүчү жеке ишкерлер жана дыйкан (фермер) чарбалары жөнүндө маалыматты чогултуу, топтоо жана иштеп чыгуу системасы болуп саналат».
3. 13-беренесинин бешинчи абзацында ошондой эле баштапкы эсепке алуу документациясынын типтүү формаларын» деген сөздөр алып салынсын.
4. 14-беренеде:
- аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
«14-берене. Статистикалык иштерди пландаштыруу жана мамлекеттик статистика органдарынын каржылоо»
- төмөнкү мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
«Статистикалык иштерди пландаштыруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген мамлекеттик статистиканы өркүндөтүү жана өнүктүрүүнүн көп жылдык программаларын иштеп чыгуунун негизинде ишке ашырылат.».
5. 19-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
«19-берене. Статистикалык маалыматтын купуялуулугун камсыз кылуу Түздөн-түз же кыйыр түрдө белгилүү бир адамды, үй чарбаны, жеке адамдардан турган ишкананы, же өз ишин экономиканын менчик секторунда жүзөгө ашырып жаткан белгилүү бир юридикалык жакты идентификациялоого же ушул өзүнчө бирдик жөнүндө маалыматты ачууга мүмкүндүк берген баштапкы статистикалык маалымат купуя болуп саналат. Өз иштерин юридикалык жакты түзбөстөн ишке ашыруучу жеке ишкерлер, дыйкан (фермер) чарбалары жана юридикалык жактар, алардын обочолонгон бөлүмчөлөрү жөнүндөгү төмөнкү маалыматтар купуя болуп эсептелбейт:
- жеке ишкердин аты-жөнү (бар болсо) же юридикалык жактын аталышынын толук, кыскартылган (бар болсо) аталышы;
- ишканалардын, уюмдардын жана жеке ишкерлердин жалпы идентификациялык коду (ИУЖИК);
- юридикалык дареги (жайгашкан жери);
- телефондун жана факстын номери, электрондук дареги.
Мамлекеттик статистика органдары тарабынан баштапкы статистикалык маалыматтардын купуялуулугу аларды жыйноо, иштеп чыгуу жана сактоодо камсыз кылынат, бул маалыматтар мамлекеттик статистика органдары тарабынан расмий статистикалык маалыматты түзүү максатында же илимий-изилдөө иштеринде гана пайдаланылат. Маалыматтык базаларды белгиленген тартипте деидентификациялык түрдө илимий максаттар үчүн берүүгө жана пайдаланууга жол берилет. Статистикалык маалымат купуя маалыматты камтыган болсо, анда ал пайдалануучуларга берилбейт. Бул учурда төмөнкү талап коюлат: жалпыланган маалымат үч объекттен кем эмес билдирүүлөр туурасындагы маалыматты камтып, алардын ичинен бир объекти жөнүндөгү маалыматтын үлүшү жалпыланган маалыматтын жалпы көлөмүнүн 85 пайызынан ашпоосу керек. Купуя статистикалык маалыматты жарыялоого жол бербөө максатында мамлекеттик статистика органдары тарабынан аны коргоо үчүн бардык жөнгө салуучу, администрациялык, техникалык жана уюштуруучулук мүнөздөгү чаралар көрүлүшү керек. Өздөрүнүн кызматтык милдеттенмелерине ылайык жеке маалыматтардан түздөн-түз пайдалануу мүмкүндүгүнө ээ болгон мамлекеттик статистика органдарынын кызматкерлери, интервьюерлер, эсепчилер, сурап-билүүлөрдү өткөрүп жүргөндөр жана башка адамдар бул милдеттенмелерди аткарууну бүткөндөн кийин деле купуялуулукту сактоого милдеттүү. Мамлекеттик статистика органдарынын кызматкерлери жана статистикалык байкоо жүргүзүүгө тартылган адамдар купуя болуп саналган маалыматты жайылтса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.». 2-берене. 1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 18-октябрындагы № 2421-V "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 18.10.2012 · № 2421-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 19-январындагы № 2683-V "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 19.01.2013 · № 2683-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 19-январындагы № 2684-V "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 19.01.2013 · № 2684-V
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Мамлекеттик статистика жөнүндөЗакон · 26.03.2007 · № 40 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон