1-статья
Күчүн жоготкон · 05.03.2007 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. Кодекстин 10-главасы төмөндөгүдөй мазмундагы 85-1-статья менен толукталсын:
"85-1-статья. Жарандардын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузуу Жарандардын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө мыйзамдардын бузулушу,- жарандарга - бирден үчкө чейин, кызмат адамдарына - ондон жыйырмага чейин, юридикалык кактарга - жүздөн беш жүзгө чейин эсептешүү көрсөткүчтөрүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 397-статьядагы "эсептешүү көрсөткүчтүн 0,1ден 05 өлчөмүндө" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчтүн бирден үчкө чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 508-статьянын 1-бөлүгү "85," деген сандан кийин "85-1," деген сандар менен толукталсын.
4. 511-статьяда:
үчүнчү абзац "транспорттогу ички иштер органдарынын башчылары жана алардын орунбасарлары - " деген сөздөрдөн кийин "85-1," деген сандар менен толукталсын; төртүнчү абзац "линиялык пункттарынын башчылары -" деген сөздөрдөн кийин "85-1," деген сандар менен толукталсын; бешинчи абзац "милициянын участоктук инспекторлору -" деген сөздөрдөн кийин "85-1," деген сандар менен толукталсын; алтынчы абзац "жана алардын орунбасарлары -" деген сөздөрдөн кийин "85-1," деген сандар менен толукталсын; жетинчи абзац "(ИИБде МАИнин бөлүкчөсү жок болсо) -" деген сөздөрдөн кийин "85-1," деген сандар менен толукталсын; сегизинчи абзац "ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн кийин "85-1," деген сандар менен толукталсын.
5. 514, 516, 517, 518, 539-статьялардын 1-бөлүктөрү "ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн кийин "85-1," деген сандар менен толукталсын.
6. 540-статьянын биринчи бөлүгү "ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн кийин "85-1-статьясында," деген сөздөр менен толукталсын.
Берененин тексти 05.03.2007 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202065/st-1" title="1-статья - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>