1-статья
Күчүн жоготкон · 20.07.2009 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 июля 2009 года № 241.
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 101-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана то-
луктоо киргизилсин.
I. 5-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын.
"5-статья.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Прези-
дентинин указдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору Кыргыз Республикасынын бүткүл ай-
магында кучүнө киргенден тартып милдеттүү жана токтоосуз аткарылууга
тийиш".
II. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги текстинде:
1. Мыйзамдын аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз
Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө"
2. Мыйзамдын бүткүл текстиндеги "нормативдик" деген сөз "ченемдик"
деген сөз менен; "полномочие" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү жана сан-
дагы "ыйгарым укук" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 4-статьянын 1-бөлүгү "68-статьясына" деген сөздөрдүн алдынан
"Конституциясынын" деген сөз менен толукталсын.
4. Мыйзамдын 17-статьясынын 2-бөлүгүндөгү "формасында" деген сөз
"түрүндө" деген сөз менен алмаштырылсын.
5. VII главанын аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын. "Че-
немдик укуктук актыларды чечмелөө (түшүндүрүү)".
6. 50-статьяда:
1-бөлүгүндөгү "мыйзам чыгаруучу" деген сөздөр алып салынсын;
2-бөлүгүндөгү "басылышы" деген сөз "берилиши" деген сөз менен ал-
маштырылсын.
7. 51-статьядагы "официалдуу түшүнүк" деген сөздөр "расмий чеч-
мелөө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 52-статьядагы "түшүндүрмө" деген сөз "чечмелөө" деген сөз ме-
нен; "көрсөтүү" деген сөз "сунуш" деген сөз менен алмаштырылсын.
9. 53-статьяда:
1-бөлүгүндөгү "актыларга түшүнүк" деген сөздөр "актыларды чечме-
леп" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-бөлүгүндөгү "маанисине түшүнүк" деген сөздөр "маанисин чечмелеп"
деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Берененин тексти 20.07.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202058/st-1" title="1-статья - Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>