Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 20 июля 2009 года № 241 "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-07-20.
Кыргыз Республикасынын
2009-жылдын 20-июлундагы № 241 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2007-жылдын 27-февралы № 24
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр
жана толуктоо киргизүү тууралу
2007-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 101-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана то-
луктоо киргизилсин.
I. 5-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын.
"5-статья.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Прези-
дентинин указдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору Кыргыз Республикасынын бүткүл ай-
магында кучүнө киргенден тартып милдеттүү жана токтоосуз аткарылууга
тийиш".
II. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги текстинде:
1. Мыйзамдын аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз
Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө"
2. Мыйзамдын бүткүл текстиндеги "нормативдик" деген сөз "ченемдик"
деген сөз менен; "полномочие" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү жана сан-
дагы "ыйгарым укук" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 4-статьянын 1-бөлүгү "68-статьясына" деген сөздөрдүн алдынан
"Конституциясынын" деген сөз менен толукталсын.
4. Мыйзамдын 17-статьясынын 2-бөлүгүндөгү "формасында" деген сөз
"түрүндө" деген сөз менен алмаштырылсын.
5. VII главанын аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын. "Че-
немдик укуктук актыларды чечмелөө (түшүндүрүү)".
6. 50-статьяда:
1-бөлүгүндөгү "мыйзам чыгаруучу" деген сөздөр алып салынсын;
2-бөлүгүндөгү "басылышы" деген сөз "берилиши" деген сөз менен ал-
маштырылсын.
7. 51-статьядагы "официалдуу түшүнүк" деген сөздөр "расмий чеч-
мелөө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 52-статьядагы "түшүндүрмө" деген сөз "чечмелөө" деген сөз ме-
нен; "көрсөтүү" деген сөз "сунуш" деген сөз менен алмаштырылсын.
9. 53-статьяда:
1-бөлүгүндөгү "актыларга түшүнүк" деген сөздөр "актыларды чечме-
леп" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-бөлүгүндөгү "маанисине түшүнүк" деген сөздөр "маанисин чечмелеп"
деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон