19-статья
Күчүн жоготкон · 18.03.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 марта 2026 года № 26.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, баардык дењгээлдердеги жергиликтүү
мамлекеттик администрациялардын башчылары төмөнкүлөргө көмөк көрсөтүүнү
камсыз кылууга тийиш:
а) ушул Мыйзамдын негизинде жазадан бошотулган жашы жетпегендерди
өз учурунда аларды жашаган жерлерине келиши боюнча эсепке алууга, алар-
ды ишке орноштурууга же ата-энелеринин, багуучу же көмөкчү органдардын
көзөмөлүнө өткөрүп берүүгө, зарыл болгон учурларда аларды балдар үйлө-
рүнө, жатак мектептерге алардын жашаган жерлерине келгенден эки жумадан
кеч эмес мөөнөттө жайгаштырууга; жашы жетпегендердин иштери боюнча ко-
миссиялардын, ички иштер органдарынын, коомдук уюмдардын жана эмгек
коллективдеринин жазадан бошотулган жашы жетпегендерди кайра тарбиялоо
боюнча иштерин координациялоону ишке ашырууга;
б) ушул Мыйзамдын негизинде бошотулган адамдардын бардыгын өз учу-
рунда эсепке алууну, алардын жашаган жерлерине келген күндөн тартып эки
жумадан кеч эмес мөөнөттө ишке жана жашоо тиричиликке ыњгайлаштырып ор-
ноштурууну, жазадан бошотулган майыптарды жана карыларды өздөрүнүн ба-
гуусуна ала турган жакын туугандары жок болсо, майыптардын же карылар-
дын үйлөрүнө жайгаштырууну уюштурууга.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республика-
сынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сак-
тоо министрлиги башка органдар менен биргелешип белгиленген тартипте
жазадан бошотулган кургак учуктун оор түрү менен ооругандарды эсепке
алууну жана атайын дарылоо мекемелерине жиберүүнү уюштурсун.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республика-
сынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер ми-
нистрлиги башка мамлекеттердин жазадан бошотулган жарандарын эсепке ал-
сын жана өлкөнүн чегинен чыгарып жиберүүнү уюштурсун. Кыргыз Республи-
касынын Башкы прокуратурасы ушул Мыйзамдын так жана бир түрдүү аткары-
лышына көзөмөлдү камсыз кылсын.
Берененин тексти 18.03.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202053/st-19" title="19-статья - Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 16 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясынын кабыл алынышына байланыштуу Мунапыс жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>