Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө» мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-01-24.
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары 2007-жылдын 12-февралы №16
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЫЛМЫШ-ЖАЗА КОДЕКСИНЕ ТОЛУКТООЛОР КИРГИЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ
2005-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья. Кыргыз Республикасынын Кылмыш - жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1998 — ж., № 7, 229 — ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 279 - статьянын зскертүүсү «279» деген сандан кийин «279-1»
деген сан менен толукталсын.
2. 26 - глава төмөндөгүдөй мазмундагы 279-1 - статья менен
толукталсын:
«279-1-статья. Өзгөчө баалуу дарактын түрлөрүн мыйзамсыз кыюу
(1) Өзгөчө баалуу дарактын түрлөрүн мыйзамсыз кыюу, ташуу, кайра иштетүү, сатып алуу же сатуу, - кылмыш жасоо үчүн пайдаланылган материалдарды, кайра иштетүүчү жабдууларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен эсептик көрсөөткүчтөрдүн жети жүздөн мињге чейинки өлчөмүндө айып салуу менен жазаланат. (2) Ошол эле жосун:
1) бир нече жолу,
2) адамдардын тобу тарабынан алдын ала макулдашуу боюнча,
3) ири өлчөмдө жасалганда, -
кылмыш жасоо үчүн пайдаланылган материалдарды, кайра иштетүүчү жабдууларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ошол эле жосун өзүнүн кызмат абалын пайдаланган адам тарабынан жасалганда, - мүлкүн конфискациялоо жана белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.».
2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 4-пунктунун экинчи бөлүгүнө ылайык Мыйзамга кол коюлду деп эсептелет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 31.12.2019 · № 151
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон