8-статья. Маалымат берүү жөнүндө оозеки кайрылуу
Күчүн жоготкон · 29.12.2023 редакциясы · 2-ГЛАВА
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217.
1. Маалымат алуу үчүн оозеки кайрылганда же телефон аркылуу кайрылганда тийиштүү маалымат оозеки берилет.
2. Маалымат берүүгө жазуу жүзүндө суроо-талап жөнөтүү зарылдыгын жокко чыгаруучу кыскача маалымдамалар оозеки берилет. Маалымат берүүгө жоопкерчиликтүү адам суроо-талаптын негизин түзгөн суроолор боюнча сураган адамдарга оозеки кепкеңеш берүүгө милдеттүү эмес.
3. Эгерде суроо-талапка оозеки жооп аны сураган адамды толук канааттандырбаса, ага жазуу жүзүндө суроо-талап жөнөтүүнүн тартиби, ошондой эле ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык маалымат алуунун башка ыкмалары түшүндүрүлөт.
4. Ар бир оозеки кайрылуу журналга (катталууга) тийиш, анда кайрылуунун автору, телефон номери, үй дареги, кайрылган күнү жана убактысы, кайрылуунун предмети же маселеси, ошондой эле кайрылуу боюнча жооп берген мамлекеттик же муниципалдык кызматкер жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
Журналдын формасы жана аны толтуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 29.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202010/st-8" title="8-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>