Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 20-февралы № 56-б "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарды берүү жөнүндө оозеки кайрылууларды каттоо журналынын формасы, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарды берүү жөнүндө оозеки кайрылууларды каттоо журналын жүргүзүү тартиби, 2-тиркемеге ылайык.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
1-тиркеме
Форма Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарды берүү жөнүндө оозеки кайрылууларды каттоо ЖУРНАЛЫ
№
Кайрылуу катталган дата жана убакыт
Кайрылган адамдын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы
Кайрылган адамдын үй дареги же юридикалык жактын жайгашкан жери (телефон номери)
Кайрылуунун маңызы
Оозеки кайрылуу боюнча берилген маалымат
Кайрылууга жооп берген кызмат адамынын аты-жөнү
1
2
3
4
3
6
2-тиркеме Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарды берүү жөнүндө оозеки кайрылууларды каттоо журналын жүргүзүү тартиби
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарды берүү жөнүндө оозеки кайрылууларды каттоо журналын (мындан ары - каттоо журналы) жүргүзүү тартиби "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана аны жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Түздөн-түз же телефон аркылуу берилген оозеки кайрылуулар келип түшөр замат журналга милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
3. Каттоо журналы мамлекетгик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомдук кабылдамалары же болбосо мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча функциялар жүктөлгөн тиешелүү түзүмдүк бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт.
4. Оозеки кайрылууну каттоодо журналда милдеттүү түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- катар номери;
- жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын каттоо датасы жана убактысы;
- кайрылган адамдын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы;
- кайрылган адамдын үй дареги же юридикалык жактын жайгашкан жери (телефон номери);
- кайрылуунун маңызы;
- оозеки кайрылуу боюнча берилген маалымат;
- кайрылууга жооп берген кызмат адамынын аты-жөнү.
5. Каттоо журналы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага ылайык жүргүзүлөт (журналды сактоого даярдоо), барактарына номер коюу жана аны көктөө, ички тизмесин түзүү, журналдын күбөлөндүрүүчү жазуусу, журналдын мукабасы, журналдын сырткы бетиндеги реквизиттерге өзгөртүүлөрдү киргизүү, сактоо мөөнөттөрү).
6. Маалымат алуу үчүн түздөн-түз же телефон боюнча оозеки кайрылууда маалымат оозеки берилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндөЗакон · 28.12.2006 · № 213 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтомуПостановление · 23.07.2012 · № 517 · Күчүн жоготкон