23-статья. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын расмий маалымат фонддорунун коомчулукка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу
Күчүн жоготкон · 29.12.2023 редакциясы · 4-ГЛАВА
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217.
1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары расмий маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү фонддорун түзөт.
2. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын расмий маалымат фонддоруна жеткиликтүүлүк жарандарды аларды тийиштүү орган жайгашкан жерде түздөнтүз өздөрүн тааныштыруу жолу менен камсыз кылынууга тийиш.
3. Укуктук актылар, башка документтер жана материалдар расмий маалымат фондуна киргизилет жана аларга кол коюлган же тийиштүү документтерди жана материалдарды кароого байланышкан актыларга кол коюлган күндөн тартып, бир жумадан кечиктирилбестен таанышуу үчүн жеткиликтүү болуп калат.
4. Купуя маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу үчүн ал документтер менен материалдардын жеткиликтүүлүгү чектелген бөлүгүн аныктоочу экспертиза жүргүзүлөт. Документтер менен материалдардын купуя маалыматты камтыбаган бөлүктөрү тийиштүү документке кол коюлган күндөн тартып бир жумадан кечиктирилбестен таанышуу үчүн даярдалууга жана жеткиликтүү болууга тийиш. Коомчулукка тааныштыруу үчүн даярдалган документте же материалда эксперттин фамилиясы жана кызмат орду көрсөтүлөт.
5. Документтер менен материалдарды алууну камсыз кылуу максатында таанышуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органда жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органында көктөмөлөр, ошондой эле документтер менен материалдардын көзөмөлдүк нускалары бар көктөмөлөр түзүлөт. Көктөмөдөгү документтер менен материалдар хронологиялык тартипте жайгаштырылат. Таанышуу үчүн түзүлгөн көктөмөлөрдө камтылган документтер менен материалдар кеминде айына бир жолу тизмелөөдөн өткөрүлөт. Зарыл документтерди издөөнү ыңгайлаштыруу үчүн тизме көктөмөлөрдө жайгаштырылат. Документтер менен материалдардын көктөмөлөрүнүн тизмесинин маалыматтары каталогдорго бириктирилиши мүмкүн.
6. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары көктөмөдө камтылган документтер менен материалдардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө жана алардын жеткиликтүүлүгүнө карата талаптарды белгилөөгө милдеттүү.
7. Көктөмөлөр менен иштөө үчүн документтер менен материалдардан үзүндүлөрдү алууга, ошондой эле алардан көчүрмө жасоого мүмкүндүк берүүчү шарттары бар атайын орундар жабдылат. Документтер менен материалдарды көчүрүүгө берүүнүн шарттарын жана тартибин тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары белгилейт.
Берененин тексти 29.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 110 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын…Постановление · 28.02.2023 · № 110 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202010/st-23" title="23-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>