18-статья. Иштин жыйынтыктары жөнүндө ар жылдык баяндамалар
Күчүн жоготкон · 29.12.2023 редакциясы · 3-ГЛАВА
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 19 февраля 2013 года № 22
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин өлкөдөгү иштердин абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын элине ар жылдык кайрылуусун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын конституциялык мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү иштердин абалы жөнүндө баяндамаларын элге жарыялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан камсыз кылынат.
2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары отчеттук мезгил ичиндеги өз иштери жөнүндө баяндамаларды элге жарыялайт, аларда отчеттук мезгил ичинде социалдык-саясий, экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө болуп өткөн өзгөрүүлөрдүн динамикасы, атап айтканда төмөнкүлөр: бюджеттик каражаттарды чыгымдоо, республикалык бюджетке жана жергиликтүү бюджетке салыктык түшүүлөрдүн булактары жана көлөмү, рыноктун айрым секторлору боюнча өндүрүштүн жана керектөөнүн көлөмү, ички жана тышкы инвестициялардын көлөмү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, саламаттыкты сактоо, калктын миграциясы, экология, ошондой эле иштердин башка маанилүү багыттары чагылдырылат.
(КР 2013-жылдын 19-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202010/st-18" title="18-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>