17-статья. Учурдагы чечимдер жана расмий окуялар жөнүндө маалыматтарды элге жарыялоо
Күчүн жоготкон · 29.12.2023 редакциясы · 3-ГЛАВА
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 декабря 2023 года № 217.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 декабря 2016 года № 224
1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары төмөнкүлөргө тиешеси бар расмий маалыматтарды элге жарыялайт:
1) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин кызматка киришүүсүнө же кызматтан бошотулушуна;
2) Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттерин, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын бюджеттерин кабыл алууга, республикалык жана жергиликтүү салыктардын жана жыйымдардын, анын ичинде коммуналдык жана башка төлөмдөрдүн өлчөмдөрүн жана төлөө тартибин өзгөртүүгө;
3) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган мүлктүк объекттерди башкаруу боюнча укуктук актыларды кабыл алууга;
4) жер ресурстарын бөлүштүрүүгө байланышкан укуктук актыларды кабыл алууга;
5) толугу менен же жарым-жартылай четөлкөлүк юридикалык жактын менчигинде турган объекттерди курууга байланышкан укуктук актыларды кабыл алууга;
6) эларалык келишимдерди түзүүгө жана аларды аткаруунун жүрүшүнө;
7) адамдардын өмүрүнө жана денсоолугуна коркунуч келтирген өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн көрүлгөн чараларга.
2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жалпыга маалымдоонун басылмалык, аудиовизуалдык каражаттарын жана калкты жалпы кабардар кылуунун башка ыкмаларын пайдалануу менен учурдагы чечимдер жана расмий окуялар жөнүндө башка маалыматтарды коомчулукка жеткирүүгө укуктуу.
3. Социалдык маанилүү чечимдерди, анын ичинде жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөөчү, жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү ченемдик укуктук актыларды кабыл алган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, же болбосо компетенциясына ушул чечимдерде көтөрүлгөн маселелер кирген мамлекеттик органдар алар жөнүндө коомчулукка жалпыга маалымдоо каражаттарынын басылмалык, аудиовизуалдык ресурстарын жана калкты жалпы кабардар кылуунун башка ыкмаларын пайдалануу менен милдеттүү тартипте түшүндүрүүгө тийиш.
(КР 2016-жылдын 29-декабрындагы № 224 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 декабря 2016 года № 224 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О гарантиях и свободе доступа к информации", "О доступе к информации, находящейся в ведении государственных органов и органов местного самоуправления Кыргызской Республики", "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики")"Редакцияларды салыштыруу
29.12.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…окуялар жөнүндө башка маалыматтарды коомчулукка жеткирүүгө укуктуу. кошулду: 3. Социалдык маанилүү чечимдерди, анын ичинде жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөөчү, жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү ченемдик укуктук актыларды кабыл алган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, же болбосо компетенциясына ушул чечимдерде көтөрүлгөн маселелер кирген мамлекеттик органдар алар жөнүндө коомчулукка жалпыга маалымдоо каражаттарынын басылмалык, аудиовизуалдык ресурстарын жана калкты жалпы кабардар кылуунун башка ыкмаларын пайдалануу менен милдеттүү тартипте түшүндүрүүгө тийиш. (КР 2016-жылдын 29-декабрындагы № 224 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202010/st-17" title="17-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>