Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин «Даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссияны тандоо боюнча нускаманы бекитүү, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча типтүү формалары жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2023-жылдын 14-ноябры № 7-Б Даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссияны тандоо боюнча нускаманы бекитүү, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча типтүү формалары жөнүндө
“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-бөлүгүн жана 8-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктчасын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алуу менен буйрук кылам: Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссияны тандоо боюнча нускама 1-тиркемеге ылайык;
- Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча типтүү формалары 2-тиркемеге ылайык.
2. Укуктук камсыздоо башкармалыгы:
1) катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” гезитине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин расмий сайттарына жарыяласын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
3) күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Мамлекеттик сатып алуулар департаменти ушул буйрукка ылайык товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар боюнча сатып алуучу уюмдардын ишин координациялоону жана жөнгө салууну камсыз кылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары У.И.Календеровго жүктөлсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Финансы министри
А.К.Бакетаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча типтүү формалары (Кыргыз республикасынын…Приложение · 14.11.2023 · № 7-П
- Даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссияны тандоо боюнча нускама (Кыргыз республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 14-ноябрындагы № 7-Б буйругуна…Инструкция · 14.11.2023 · № 7-П
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2025-жылдын 25-ноябры № 225-Б "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 14-ноябрындагы №7-Б “Даттануулар жана…Приказ · 25.11.2025 · № 225-П
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27