Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Айыл Чарба Министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Балык чарбасы жаатындагы өткөрүлүп берилген ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жөнүндө» Буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ 2023-жылдын 26-майы № 201-НИ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Балык чарбасы жаатындагы өткөрүлүп берилген ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жөнүндө Балык чарба чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны мындан ары өркүндөтүү жана өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктуна жана 3-пунктунун 2-пунктчасына ылайык, буйрук кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) аквакультураны уюштурууга жана башкарууга карата ветеринардык-санитардык стандарттар жана талаптар жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) көлмө жана бассейндик балык чарбалары үчүн ветеринардык-санитардык ченемдерди пландоого жана буфердик зонанын талаптары жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) товардык балыкты жана балык чабактарын өстүрүү боюнча жаңы балык чарбаларын долбоорлоого жана иштеп жаткан чарбаларды реконструкциялоодо балык өстүрүү жана биологиялык стандарттар жана талаптары жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин коомчулук менен байланыштар боюнча бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин реалдуу сектор башкармалыгы:
1) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигине Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн;
2) буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 10-августундагы № 257-НИ “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Балык чарбасы жаатындагы өткөрүлүп берилген ченем жаратуучу ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча” буйрукту күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо реалдуу сектор маселелерин тескеген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин орун басарына жүктөлсүн.
Министр
А.С. Джаныбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Аквакультураны уюштурууга жана башкарууга карата ветеринардык-санитардык стандарттар жана талаптар (Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 26-майындагы №…Приложение · 26.05.2023 · № 201-НИ
- Балык запастарын жасалма жол менен кайра өндүрүү максатында өндүрүш балыктарын өндүрүүчүлөрүн атайын уулоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн тартиби (Кыргыз Республикасынын Суу…Порядок · 04.12.2024 · № 04-13/404 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба Министрлигинин 2022-жылдын 10-августундагы № 257-ни "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Балык чарбасы жаатындагы өткөрүлүп…Приказ · 10.08.2022 · № 257-ни