Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин «2023-2028-жылдарга карата Токтогул ГЭСтеринин каскадынын, Таш-Көмүр ГЭСтеринин каскадынын жана Ош шаарынын ЖЭБинин жылуулук тармактары үчүн жылуулук изоляциясынын эскирүү коэффициенттеринин ченемдерин бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2023-жылдын 29-апрели № 01-13/113 2023-2028-жылдарга карата Токтогул ГЭСтеринин каскадынын, Таш-Көмүр ГЭСтеринин каскадынын жана Ош шаарынын ЖЭБинин жылуулук тармактары үчүн жылуулук изоляциясынын эскирүү коэффициенттеринин ченемдерин бекитүү жөнүндө «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2018-жындын 5-мартындагы № 1/1 буйругу менен бекитилген Имараттардын жылуулук энергиялык керектөөсүн эсептөө боюнча Методикасына ылайык, буйрук кылам:
1. 2023-2028-жылдарга карата Токтогул ГЭСтеринин каскадынын, Таш-Көмүр ГЭСтеринин каскадынын жана Ош шаарынын ЖЭБинин жылуулук тармактары үчүн жылуулук изоляциясынын эскирүү коэффициенттеринин ченеми тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин отун, газ жана жылуулук менен камсыздоо бөлүмүнө:
- бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 токтомуна ылайык, аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук булактарда, жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилсин;
- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсү маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилсин.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 5-майындагы № 37 (3486) саны менен жарыяланды
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин отун, газ жана жылуулук менен камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Министрдин м.а., министрдин орун басары
М.М. Жакыпов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын өнөр жай,энергетика жана жер казынасын пайдалануу маммлекеттик мкомитети 2018-жылдын 5-марты №1/1 «Имараттардын жылуулук энергиялык керектөөсүн эсептөө…Приказ · 05.03.2018 · № 1/1
- "Имараттардын жылуулук энергиясын керектөөсүн эсептөө боюнча" УСУЛДУКМетодика · 05.03.2018
- 2023-2028-жылдарга карата Токтогул ГЭСтеринин каскадынын, Таш-Көмүр ГЭСтеринин каскадынын жана Ош шаарынын ЖЭБинин жылуулук тармактары үчүн жылуулук изоляциясынын эскирүү…Норма коэффициентов · 29.04.2023 · № 01-13/113