Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетине Караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин « Балыкчы жана Каракол шаарларында канализацияны тазалоочу курулуштарын эксперименталдык долбоорлоо жана куруу жөнүндө»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ БУЙРУК 2022-жылдын 18-январы № 49-нпа Балыкчы жана Каракол шаарларында канализацияны тазалоочу курулуштарын эксперименталдык долбоорлоо жана куруу жөнүндө (КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 57-нпа буйруктун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы №44 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобону жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:
1. Агынды сууларды тазалоонун заманбап технологияларын киргизүүнү эске алуу менен эксперименталдык объекттер катары Чолпон-Ата, Балыкчы жана Каракол шаарларында агынды сууларды тазалоочу курулмаларды долбоорлоо жана модернизациялоо/курулушу каралсын.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 57-нпа буйруктун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулуш жана инженердик инфраструктура департаменти эксперименталдык объектти долбоорлоодо, курууда жана эксплуатациялоонун оң жыйынтыктары берилген учурда, агынды сууларды тазалоочу курулмаларды долбоорлоо жана куруу чөйрөсүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга белгиленген тартипте өзгөртүүлөр иштелип чыгып жана киргизилсин.
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 57-нпа буйруктун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин турак-жай коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмү:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен расмий жарыяланган күндөн тартып, ушул буйруктун көчүрмөсү эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрүндө үч жумуш күндүн ичинде жөнөтүлсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары М.А. Акматалиевге жүктөлсүн.
Директор
Т.Сатышов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (6)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- Шаар куруу жана архитектура жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1372-XII
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык…Постановление · 25.06.2021 · № 44 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О градостроительстве и архитектуреЗакон · 06.05.1997 · № 30
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндө Жобо" (Кыргыз Республикасынын…Положение · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон