Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Айыл чарба министрлигинин «Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ 2022-жылдын 11-январы № 1-дп Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жазуу ыйгарым укуктарын берүү жөнүндө” жана 2018-жылдын 16-январындагы № 26 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө” токтомдоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган Реестрине (тизмесине) (мындан ары - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеси)) киргизилген, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү төмөнкү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттери бекитилсин:
- “Шайкештик сертификатын берүү (айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн жана тигүүчү материалдарынын үрөнчүлүк сапатын лабораториялык аныктоонун натыйжалары боюнча республика ичинде берилет), Эл аралык Кызгылт сары сертификатты берүү (OISLS) (экспорттоло турган үрөн продукциясына берилет)” (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 4-главасынын 67-пункту) 1-тиркемеге ылайык;
- “Жерге орноштуруу иштерин тариздөө жана жер участокторуна укугун күбөлөндүрүүчү документтерди берүү” (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 4-главасынын 81-пункту) 2-тиркемеге ылайык;
- “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана оорлотууларды (чектөөлөрдү) мамлекеттик каттоо” (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 4-главасынын 82-пункту) 3-тиркемеге ылайык;
- “Милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу келишиминин негизинде кыймылсыз мүлккө болгон укугун мамлекеттик каттоо” (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 4-главасынын 82-1-пункту) 4-тиркемеге ылайык;
- “Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарда, аң уулоочу жерлерде жана мамлекеттик токой фондунан тышкары жерлерде пландан тышкары токой өстүрүү жана илимий-изилдөө иштерин аткаруу” (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 5-главасынын 6-пункту) 5-тиркемеге ылайык;
- “Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу айдоолоруна талаа инспекциясын жүргүзүү” (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 5-главасынын 15-пункту) 6-тиркемеге ылайык;
- “Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн жана тигүүчү материалдарынын сапатын лабораториялык аныктоо” (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 5-главасынын 16-пункту) 7-тиркемеге ылайык;
- “Өсүмдүктөргө, жер кыртышына, сугат сууларына пестициддер менен агрохимикаттардын калдыктарына, ошондой эле алардын стандарттарга жана техникалык шарттарга туура келүүсүнө жана а/ч товар өндүрүүчүлөрүнүн билдирмелери боюнча жер кыртышында аш болуучу заттардын жана гумустун болушуна анализ жүргүзүү” (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 5-главасынын 17-пункту) 8-тиркемеге ылайык;
- “Жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча карантиндик объекттерди аныктоого айыл чарба жерлерин, көчөттөрдү, иши өсүмдүктөрдөн алынуучу продукциялар, үлгүлөрдү алуу жана лабораториялык экспертизаларды жүргүзүү менен байланышкан ишканаларды жана ага жанаша жайгашкан аймактарды пландуу изилдөө (энтомологиялык экспертиза, гербологиялык экспертиза, фитопатологиялык экспертиза)” (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 5-главасынын 19-1-пункту) 9-тиркемеге ылайык;
- “Экспорттоо максатында карантинге алынчу продукциянын карантиндик фитосанитардык абалын аныктоо, анын ичинде бардык фитосанитардык анализдердин жана экспертизалардын бардык түрлөрү менен аныктоо, карантинге алынчу продукциянын карантиндик фитосанитардык карантин абалы жөнүндө корутунду/фитосанитардык документтерди берүү” (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 5-главасынын 23-пункту) 10-тиркемеге ылайык;
- “Кыймылсыз мүлк бирдиктерин техникалык текшерүү” (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 5-главасынын 37-пункту) 11-тиркемеге ылайык;
- “Жеке жана юридикалык жактардын билдирүүсү боюнча ветеринардык дары-дармек каражаттарынын натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна экспертиза жүргүзүү” (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 5-главасынын 38-пункту) 12-тиркемеге ылайык;
- “Топография-геодезиялык, сүрөткө тартуу жана картографиялык иштер боюнча материалдарды берүү” (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 5-главасынын 40-пункту) 13-тиркемеге ылайык;
- “Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү” (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 6-главасынын 55-пункту) 14-тиркемеге ылайык;
- “Зыянкечтерге каршы химиялык тазалоо (чегиртке жана ААК (америкалык ак көпөлөк)” (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 8-главасынын 1-пункту) 15-тиркемеге ылайык;
- “Айыл чарбалык товар өндүрүүчүлөрдүн арыздары боюнча өсүмдүктөрдүн зыянкечтерине, илдеттерине жана отоо чөптөргө каршы химиялык иштетүү” (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 8-главасынын 2-пункту) 16-тиркемеге ылайык;
- “Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоолорунда өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн, ошондой эле биостимуляторлордон биологиялык коргоо” (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 8-главасынын 3-пункту) 17-тиркемеге ылайык;
- “Жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча карантинге алынчу продукцияны, транспорт каражаттарын зыянсыздоо, кампа жайларды өсүмдүктөрдүн карантинин камсыздоо ченемдерине жана эрежелерине ылайык профилактикалык фитосанитардык зыянсыздоо жана зыянсыздалганын ырастоочу документти берүү” (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 8-главасынын 4-пункту) 18-тиркемеге ылайык;
- “Суу пайдалануучуларга суу берүү” (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 9-главасынын 1-пункту) 19-тиркемеге ылайык;
- “Жаратылышты коргоо, рекреациялык, илимий, эстетикалык, тарыхый-маданий жана агартуучу маанидеги, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, мамлекеттик токой фондунун, жаратылыш музейлеринин, экологиялык визит борборлорунун, бекитилип берилген аң улоо жерлеринин объекттерине баруу” (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 9-главасынын 3-пункту) 20-тиркемеге ылайык;
- “Мамлекеттик токой питомниктеринде өстүрүлгөн жыгачтарды багып кыюудан, токойду калыбына келтирүүчү кыюудан, санитардык кыюудан кийин жана тигилүүчү материалдарды сатуу” (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 9-главасынын 4-пункту) 21-тиркемеге ылайык;
- “Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү боюнча милдеттүү пландагы оңдоп-калыбына келтирүү иштеринен тышкары гидротехникалык иштерди аткаруу” (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 9-главасынын 11-пункту) 22-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери:
- кызматкерлерди мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген административдик регламенттери менен тааныштырсын;
- мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлер тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген административдик регламенттеринин сакталышын жеке контролдоого алсын.
3. Министрликтин 2018-жылдын 14-ноябрындагы № 1 “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Министрликтин Коомчулук менен байланыштар боюнча бөлүмү:
- ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий веб-сайтында расмий жарыялоону камсыз кылсын;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдеги эки нускадагы көчүрмөсүн кагаз жана электрондук түрдө расмий жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдеги эки нускадагы көчүрмөсүн маалымат катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин орун басарларына көзөмөлдөгөн багыттарга ылайык жүктөлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр
А. Джаныбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 23 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (23)
- Шайкештик сертификатын (айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн жана отургузуучу материалдардын сапатын аныктоодогу жыйынтыгыгын негизинде республиканын ичинде берилет), Эл аралык…Регламент · 11.01.2022 · № 1
- «Жерге орноштуруу иштерин тариздөө жана жер участокторуна укугун күбөлөндүрүүчү документтерди берүү» жөнүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти ( Кыргыз…Регламент · 11.01.2022 · № 1
- “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана оорлотууларды (чектөөлөрдү) мамлекеттик каттоо” жөнүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти ( Кыргыз Республикасынын Айыл…Регламент · 11.01.2022 · № 1
- "Милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу келишиминин негизинде кыймылсыз мүлккө болгон укугун мамлекеттик каттоо" жөнүндө…Регламент · 11.01.2022 · № 1
- «Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарда, аң уулоочу жерлерде жана мамлекеттик токой фондунан тышкары жерлерде пландан тышкары токой өстүрүү жана илимий-изилдөө иштерин…Регламент · 11.01.2022 · № 1
- “Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу айдоолоруна талаа инспекциясын жүргүзүү” жөнүндө Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын административдик регламенти ( Кыргыз Республикасынын…Регламент · 11.01.2022 · № 1
- “Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн жана көчөт материалдарынын себүү сапатын лабораториялык аныктоо” жөнүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын административдик…Регламент · 11.01.2022 · № 1
- «Өсүмдүктөргө, жер кыртышына, сугат сууларына пестициддер менен агрохимикаттардын калдыктарына, ошондой эле алардын стандарттарга жана техникалык шарттарга туура келүүсүнө жана…Регламент · 11.01.2022 · № 1
- «Жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча карантиндик объекттерди аныктоого айыл чарба жерлерин, көчөттөрдү, иши өсүмдүктөрдөн алынуучу продукциялар,үлгүлөрдү алуу жана…Регламент · 11.01.2022 · № 1
- «Экспорттоо максатында карантинге алынчу продукциянын карантиндик фитосанитардык абалын аныктоо, анын ичинде бардык фитосанитардык анализдердин жана экспертизалардын бардык…Регламент · 11.01.2022 · № 1
- «Кыймылсыз мүлктү техникалык изилдѳѳдѳн ѳткѳрүү» жөнүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти (Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын…Регламент · 11.01.2022 · № 1
- «Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү» жөнүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти (Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын…Регламент · 11.01.2022 · № 1
- «Айыл чарбалык товар өндүрүүчүлөрдүн арыздары боюнча өсүмдүктөрдүн зыянкечтерине, илдеттерине жана отоо чөптөргө каршы химиялык иштетүү» жөнүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн…Регламент · 11.01.2022 · № 1
- “Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоолорунда өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн, ошондой эле биостимуляторлордон биологиялык коргоо” жөнүндө мамлекеттик…Регламент · 11.01.2022 · № 1
- «Жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча карантинге алынчу продукцияны, транспорт каражаттарын зыянсыздоо, кампа жайларды өсүмдүктөрдүн карантинин камсыздоо ченемдерине…Регламент · 11.01.2022 · № 1
- “Суу пайдалануучуларды суу менен камсыздоо” жөнүндө Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти (Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын…Регламент · 11.01.2022 · № 1
- “Жаратылышты коргоо, рекреациялык, илимий, эстетикалык, тарыхый-маданий жана агартуучу маанидеги, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, мамлекеттик токой фондунун, жаратылыш…Регламент · 11.01.2022
- «Мамлекеттик токой питомниктеринде өстүрүлгөн жыгачтарды багып кыюудан, токойду калыбына келтирүүчүү кыюудан, санитардык кыюудан кийин жана тигилүүчү материалдарды сатуу» жөнүндө…Регламент · 11.01.2022 · № 1
- “Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү боюнча милдеттүү пландагы оңдоп-калыбына келтирүү иштеринен тышкары гидротехникалык иштерди аткаруу” жөнүндө мамлекеттик кызмат…Регламент · 11.01.2022 · № 1
- “Жеке жана юридикалык жактардын билдирүүсү боюнча ветеринардык дары-дармек каражаттарынын натыйжалуулугуна жана коопсуздугуна экспертиза жүргүзүү” жөнүндө мамлекеттик кызмат…Регламент · 11.01.2022 · № 1
23 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана…Постановление · 16.01.2018 · № 26
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик…Постановление · 10.02.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон