Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин “Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди теришгирүү боюнча колдонмону” бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2020-жылдын 3-ноябры № 3 “Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди теришгирүү боюнча колдонмону” бекитүү жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15- сентябрындагы № 530 токтомуна ылайык, ошондой эле Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун стандаргтары жана сунушталуучу тажрыйбасы менен максималдуу бир түрдүүлүктү камсыз кылуу максатында, БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Тиркемеге ылайык «Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүү боюнча колдонмо» бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги:
- бул буйрукту аткарууга алсын;
- катталгандан тартып үч иш күндүн ичинде «Эркин Тоо» гезитине бул буйрукту жарыяласын;
- бул буйрук расмий жарыялангандан тартып үч иш күндүн ичинде, буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдердеги эки нускадагы көчүрмөсүн, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө, аталган ченемдик укуктук акты жарыяланган булакты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат катары жиберсин.
3. Бул буйрук расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Т.О.Солтобаевге жүктөлсүн.
Министр
Б. Бердалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.