Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН «КР КЧ 42-01:2020 „Газ менен жабдуу тутумун долбоорлоо“ Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү тууралуу» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ 2021-жылдын 28-январы № 39 КР КЧ 42-01:2020 "Газ менен жабдуу тутумун долбоорлоо" Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү тууралуу Газ менен жабдуу тутумунун жаңы, кеңейтилүүчү жана реконструкциялоочу долбоордун ченемдерин жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобону жетекчиликке алып, БУЙРУК КЫЛАМ:
1. КР КЧжЭ 42-01:2020 "Газ менен жабдуу тутумун долбоорлоо" Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 214 "Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери жана эрежелери КР КЧжЭ 42-01:2015 "Газ менен жабдуу тутумун долбоорлоо" бекитүү жана ишке ашыруу жөнүндө" буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) буйруктун аталышындагы "КР КЧжЭ 42-01:2015 "Газ менен жабдуу тутумун долбоорлоо" деген сөздөр алынып салынсын;
2) 1-пунктундагы жогорудагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин буйругу менен бекитилген "КР КЧжЭ 42-01:2015 "Газ менен жабдуу тутумун долбоорлоо" колдонуусу жокко чыгарылды деп таанылсын.
3. Мамкурулуштун турак-жай коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнө:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна ылайык ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен расмий жарыяланган күндөн тартып, ушул буйруктун көчүрмөсү эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрүндө үч жумуш күндүн ичинде жөнөтүлсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары М.А.Акматалиевге жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору
У.Кокочаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- СТРОИТЕЛЬНЫЕ НОРМЫ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ "ГАЗ МЕНЕН КАМСЫЗДАНДЫРУУ СИСТЕМАЛАРЫН ДОЛБООРЛОО" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак…Норма · 28.01.2021 · № 39
- "2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугу саясатын киргизүү" прорграммасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Программа · 29.06.2023 · № 328
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2013 · № 372 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.