Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 38-нпа «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 11-июнундагы № 13-чуа «Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТИГИ БУЙРУК 2020-жылдын 23-марты 38-нпа Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 11-июнундагы № 13-чуа «Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Курулуштагы ченемдик базаны Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомун жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу максатында БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (Мамкурулуш) 2018-жылдын 11-июнундагы № 13-чуа "Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө" буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму жөнүндө жобосуна:
- 12-пунктунун экинчи абзацындагы "курулуш ченемдердин талаптары" деген сөздөрүнөн кийин "милдеттүү болуп эсептелет жана" деген сөздөрү менен толукталсын;
- 16-пунктуна:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Курулуш эрежелеринин ыктыярдуу же сунуш кылынган жоболору аларга тапшырыкчылар менен болгон келишимдеринде (долбоорлоо, изилдөө, курулуш жана башка өндүрүү иштерине), ошондой эле аларга долбоорлоо документтеринде шилтеме келтирилсе милдеттүү болуп калышат.";
- төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын тиешелүү курулуш ченемдерин жана курулуш эрежелерин кабыл алганга чейин, КЧжЭлер Кыргыз Республикасынын курулуш эрежелери катары колдонулат";
- 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Тутумдун ченемдик документтеринин жоболору илимдин, техниканын жана технологиялардын заманбап жетишкендиктерине, долбоорлоонун жана курулуштун алдыңкы тажрыйбаларына негизделиши керек жана техникалык жактан өнүккөн өлкөлөрдүн эл аралык жана улуттук ченемдерин, ошондой эле курулуш чөйрөсүндө бийигирээк стандарттарды жана коопсуздук параметрлерин колдонууну эске алуусу зарыл";
- 28-пунктуна:
- төртүнчү абзацындагы "тийиш" деген сөзүнөн кийинки "керек" деген сөзү, ушул эле абзацтын "талап кылынат" деген сөзүнөн кийин коюлсун;
- бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Сунуштама мүнөздө болгон талаптарды баяндоодо "адатта", "сунушталат", "уруксат берилет", "аткаруу милдеттүү түрдө эместиги аныкталган шартта уруксат берилет" деген сөз жана сөз айкаштары колдонулат.".
2. Мамкурулуштун баардык ведомство карамагындагы жана аймактардагы бөлүнүштөрүнүн жетекчилери бул буйрукту жетекчиликке алсын.
3. Мамкурулуштун алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженерлик долбоорлоо мамлекеттик институтуна:
- ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна ылайык чара көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдеринде, кагаз жүзүндө жана электрондук алып жүрүүчүдө, бул ченемдик укуктук акттын жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине Мамлекеттик каттоого жөнөтсүн;
- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары М.А.Акматалиевге жүктөлсүн.
Директор
У.К. Кокочаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 2018-жылдын 11-июну 13-нпа "«Курулуштагы ченемдик…Приказ · 11.06.2018 · № 13-нпа
- Шаар куруу жана архитектура жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1372-XII
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 22.05.2004 · № 67
- Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыктоодон өткөн продукцияларга шайкештик жөнүндө каттоодон өткөн декларациялардын жана берилген сертификаттардын Бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби…Порядок · 19.10.2020 · № 01
- Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 18.05.2017 · № 83 · Күчүн жоготкон