Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2015-жылдын 6-августундагы № 1 «Энергиянын жаңыланма булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуучу станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди эсептөө усулдугун бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү кигизүү тууралуу» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ОТУН-ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КОМПЛЕКСТИ ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГТ БУЙРУК 2018-жылдын 20-ноябры №1 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2015-жылдын 6-августундагы № 1 «Энергиянын жаңыланма булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуучу станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди эсептөө усулдугун бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү кигизүү тууралуу» «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрдагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык жана энергиянын жаңыланма булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуунун ата мекендик долбоорлорун ишке ашырууга инвестицияларга түрткү берүү максатында, БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2015-жылдын 6-августундагы № 1 «Энергиянын жаңыланма булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуучу станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди эсептөө усулдугун бекитүү жөнүндө» буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Энергиянын жаңыланма булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуучу станциялар тарабынан берилген электр энергиясына тарифтерди эсептөө усулдугунда:
- төмөнкү мазмундагы 51 -54 пункттар менен толукталсын:
«51. Иштин тиешелүү түрүн жүргүзүүгө лицензия алгандан кийин отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ЭКБ иштелип чыккан электр энергиясына тарифтерди белгилөөгө арыз берилет.
52. ЭКБ иштелип чыккан электр энергиясына тарифтерди белгилөө үчүн арыз ээси отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Усулдуктун тиркемесиндеги тизмеге ылайык документтерди берет.
53. Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү тарифтерди белгилөө же баш тартуу жөнүндө чечимди арызды каттаган күндөн ратып отун календардык күндөн кеч эмес кабыл алат.
54. ЭКБ иштелип чыккан электр энергиясына тарифтерди белгилөөдөн баш тартууда чечим отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан негизделет жана мыйзамдарда каралган мөөнөттөрдө арыз ээсине маалымат жеткирилет».
2. Пресс-катчы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык жарыяласын.
3. Укуктук колдоо бөлүмү:
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоо үчүн жөнөтсүн;
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыялангандан тартып 15 күндүн ичинде күчүнө кирет.
Директор
Т. И. Нурбашев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- КР Өкмөтүнө караштуу отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик 2015-жылдын 6-августундагы ПЖ № 1 "Энергиянын жаңыланма булактарын пайдалануу менен…Приказ · 06.08.2015 · № 1
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон