Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
(Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министринин биргелешкен буйругуна Тиркеме) Автомобиль транспорту менен Кытай Эл Республикасына эл аралык жүк ташуучу каттамдарды жүргүзүп жаткан айдоочулар – Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ноталык колдоо көргөзүүнү жоболоштуруу, жөнөтүү жана берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин өз ара аракеттенүү РЕГЛАМЕНТИ
2017-жылдын 7-июлу № 142-п Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин жана 2017-жылдын 6-июлу № 227 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министринин биргелешкен буйругуна Тиркеме
Автомобиль транспорту менен Кытай Эл Республикасына эл аралык жүк ташуучу каттамдарды жүргүзүп жаткан айдоочулар – Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ноталык колдоо көргөзүүнү жоболоштуруу, жөнөтүү жана берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин өз ара аракеттенүү РЕГЛАМЕНТИ
Жалпы жоболор Бул Регламент Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Элчилигиндеги (КЭТ Элчилигиндеги консулдук бөлүмдө) кирүүчү-чыгуучу визаларды андан кийинки жоболоштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (мындан ары – КР ТИМ) менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин (мындан ары – КР ТЖМ) Автомобиль транспорту менен Кытай Эл Республикасына эл аралык жүк ташуучу каттамдарды жүргүзүп жаткан айдоочулар – Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ноталык колдоо көргөзүүнү жоболоштуруу, жөнөтүү жана берүү маселелери боюнча шарттарды жана механизмдерди аныктайт. Бул Регламенттин максаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин жоболоруна ылайык, өтүнүчтөрдү жана ноталык колдоо көргөзүүнү тиешелүү деңгээлде жоболоштуруу болуп саналат. Өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган убакта КР ТИМ жана КР ТЖМ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып иш алып барат. КР ТЖМ алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салма-габаритин көзөмөлдөө агенттиги (мындан ары – Автотранспорт агенттиги) КР ТИМ Консулдук кызмат департаментине ноталык колдоо көргөзүү боюнча өтүнүч берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп саналат (мындан ары – КР ТИМ ККД). КР ТИМ ККД Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргыз Республикасындагы КЭР Элчилигине ноталык колдоо көргөзүүнү берүү боюнча ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүм болуп саналат. Автотранспорт агенттигинин өтүнүчтөрүн жоболоштуруу тартиби
Автотранспорт агенттиги тарабынан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашырууга уруксат берилген жеке жана юридикалык жактарга (мындан ары - арыз берүүчүлөргө) ноталык колдоо көргөзүүгө өтүнүч жоболоштурулат. Автотранспорт агенттигине ноталык колдоо көргөзүүгө өтүнүч сурап кайрылган учурда арыз ээлери милдеттүү тартипте төмөнкү документтерди көргөзөт:
а) юридикалык жактар үчүн:
- Автотранспорт агенттигинин дарегине кат;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- эл аралык автомобилдик билдирүүдө жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча транспорттук ишмердүүлүк жүргүзүү укугуна болгон лицензиянын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- ноталык колдоо көргөзүүгө өтүнүчтү жоболоштурууга ыйгарым укукту тастыктаган ишеним кат же башка документ;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык, консулдук жыйымдарды төлөгөндүгү туурасында дүмүрчөк.
б) жеке адамдар үчүн:
- Автотранспорт агенттигинин дарегине арыз;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык, консулдук жыйымдарды төлөгөндүгү туурасында дүмүрчөк.
в) жеке жана юридикалык жактар үчүн документтердин жалпы тизмеси:
- эл аралык автомобилдик билдирүүдө жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча транспорттук ишмердүүлүк жүргүзүү укугуна болгон лицензиянын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун (чет элдик паспорт) көчүрмөсү;
Ноталык колдоо алууга өтүнүч алуу үчүн берилген документтердин бардык көчүрмөлөрү юридикалык жактын – арыз ээсинин расмий мөөрү басылып күбөлөндүрүлүшү керек, ал эми жеке жактар үчүн – Автотранспорт агенттигинин мөөрү басылат же нотариалдык күбөлөндүрүлүшү керек; Документтер арыз ээси тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилинде берилет. Арыз ээси берилген маалыматтардын жана документтердин тууралыгына персоналдык жеке жоопкерчилик тартат. Автотранспорт агенттиги зарыл болгон учурда арыз ээси тарабынан берилген маалыматтардын жана документтердин тууралыгын кошумча текшерүүгө укуктуу. Автотранспорт агенттиги тарабынан ноталык колдоо алууга арыз ээсинин берген өтүнүчүн жоболоштурууга көмөк көргөзүү акысыз негизде жүргүзүлөт. Ноталык колдоо алууга өтүнүч берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
- бул Регламенттин II-бөлүмүнүн 2-пунктунда көргөзүлгөн документтерди бербей коюшу же алардын туура эмес жоболоштурулушу;
- арыз ээси тарабынан толук эмес же туура эмес маалыматтардын берилиши;
- чийилген же өчүрүлгөн жазуусу бар, сөздөрү сызылган же башка мындагы айтылбаган оңдоолору бар документтерди, калем менен толтурулган документтерди, олуттуу жабыркаган, алардын мазмуну бир жактуу эмес талкууланууга жаткан документтерди берген учурда.
6. Автотранспорт агенттиги бул Регламенттин IV- бөлүмүндө көргөзүлгөн мөөнөттө берилген документтерди кароонун натыйжалары боюнча, ноталык колдоого өтүнүч берилгендигине баш тартат же макулдугун берүү тууралуу чечим кабыл алат.
КР ТИМ ККДде ноталык колдоо көргөзүүнү жоболоштуруу тартиби
КР ТИМ ККДнин ноталык колдоо көргөзүү боюнча функцияларын ишке ашыруусунун башталышы болуп Автотранспорт агенттигинин электрондук почта боюнча төмөнкүлөрдү алуусу эсептелет:
- өтүнүч;
- өтүнүчтө көргөзүлгөн айдоочу-жүк ташуучулардын жалпы жарандык паспортторунун (чет элдик паспорттордун) көчүрмөлөрү;
- консулдук жыйымдарды төлөө туурасында дүмүрчөк.
2. КР ТИМ ККДнин функцияларын аткарып бүткөндүгү болуп, ноталдык колдоону Кыргыз Республикасындагы КЭР Элчилигинин дарегине жөнөтүүсү болуп саналат.
КР ТИМ ККДнин ноталык колдоо көргөзүүсүнүн түпнускалары, чыгуучу корреспонденцияны жөнөтүүнүн графигине ылайык, Кыргыз Республикасындагы КЭР Элчилигинин дарегине почта байланышы аркылуу жөнөтүлөт.
КР ТИМ ККДнин жана Автотранспорт агенттигинин өз ара аракеттенүү тартиби
Автотранспорт агенттиги жеке жана юридикалык жактардын өтүнүчүнүн негизинде бул Регламенттин III-бөлүмүнүн 1-пунктунда көргөзүлгөн документтердин тиркемеси менен, өтүнүчтү КР ТИМ ККДнин ноталык колдоо көргөзүүгө өтүнүч жиберет. Автотранспорт агенттиги ноталык колдоо көргөзүүгө өтүнүч бергендиги тууралуу жана аны берүүдөн баш тарткандыгы тууралуу чечимди бардык зарыл болгон документтерди каттаган күндөн 3 (үч) жумушчу күндөн кеч эмес кабыл алат. Автотранспорт агенттиги өтүнүчтү тиешелүү түрдө жоболоштургандан кийин оперативдүүлүк максатында анын сканерден өткөрүлгөн вариантын КР ТИМ ККДнин электрондук дарегине DEPCONSER@GMAIL.COM Регламенттин III-бөлүмүнүн 1-пунктунда көргөзүлгөн зарыл болгон документтерди тиркөө менен жөнөтөт. Бул учурда бул өтүнүчтөрдүн түпнускалары, бул Регламенттин III- бөлүмүнүн 1-пунктунда көргөзүлгөн зарыл болгон документтерди тиркөө менен чыгуучу корреспонденцияны жөнөтүүнүн графигине ылайык, Кыргыз Республикасындагы КЭР Элчилигинин дарегине почта байланышы аркылуу жөнөтүлөт. КР ТИМ ККД Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Автотранспорт агенттигинен өтүнүчтү алгандан кийин бекитилген мөөнөттө (1 жумушчу күндөн 4 жумушчу күнгө чейин) ноталык колдоо көргөзүүнү жоболоштурат. КР ТИМ ККДга 12.00-гө чейин келип түшкөн мөөнөттүү өтүнүчтөр ошол эле күнү, 16-18.00-гө чейин жоболоштурулуп, жөнөтүлөт, 12.00-дөн кийин түшкөн өтүнүчтөр кийинки жумушчу күнү, саат 10.00-дөн 12.00-гө чейин жоболоштурулуп, жөнөтүлөт. КР ТИМ ККД ноталык документтин сканерден өткөрүлгөн вариантын Кыргыз Республикасындагы КЭР Элчилигинин жана Автотранспорт агенттигинин GAAVT@MAIL.RU электрондук даректерине жөнөтүшөт. КР ТИМ ККДнин ноталык колдоо көргөзүүнүн түпнускалары, чыгуучу корреспонденцияны жөнөтүүнүн графигине ылайык, Кыргыз Республикасындагы КЭР Элчилигинин дарегине почта байланышы аркылуу жөнөтүлөт. Эгер өтүнүч бул Регламентте орнотулган талаптарды бузуу менен толтурулуп калса, КР ТИМ ККД шайкеш келбестиктерди четтетүү үчүн, бул өтүнүчтү Автотранспорт агенттигине кайтарып берүүгө укуктуу. Автотранспорт агенттигинин функцияларын аткарып бүткөндүгү болуп, арыз ээсинин дарегине ноталык колдоо көргөзүүнү Кыргыз Республикасындагы КЭР Элчилигинин дарегине жөнөткөндүгү тууралуу билдирүүнү жөнөтүүсү болуп саналат, ага КР ТИМ ККД ноталык колдоо көргөзүүнүн көчүрмөлөрү тиркелет. Тараптардын укуктары жана милдеттери Функционалдык милдеттери жана ыйгарым укуктарынан улам, КР ТИМ жана КР ТЖМ бул Регламентте келтирилген маселелер боюнча тыгыз кызматташууга, мөөнөттөрүн жана анда каралган талаптарды бузууга жол бербөөгө милдеттенишет. КР ТЖМ Автотранспорт агенттигинин жана КР ТИМдин кызмат адамдары мыйзамга каршы аракеттери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, административдик жана жазык жоопкерчилигине ээ. Бул Регламентке Тараптардын[i] макулдугу боюнча бул Регламенттин ажырагыс бөлүгү катары саналган кошумча Протоколдор аркылуу жоболоштурулган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизиле алат жана Тараптардын мындай Протоколдорго кол койгон учурунан баштап күчүнө кирет. Тараптардын реквизиттери жана кол тамгалары
Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 57 Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри
Э.Абдылдаев
________________________
2017-жылдын «___»______
Бишкек шаары, Исанов көчөсү 42 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри
Ж.Калилов
________________________
2017-жылдын «___»______
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.