Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Тышкы иштер министрлигинин жана КР Транспорт жана жолдор министрлигинин Биргелешкен 2017-жылдын 7 июлундагы № 142-п «КР ТИМ жана КР ТЖМ ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча Регламентин бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛДОР МИНИСТРЛИГИНИН БИРГЕЛЕШКЕН БУЙРУК 2017-жылдын 7-июлу № 142-п 2017-жылдын 6-июлу № 227 КР ТИМ жана КР ТЖМ ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча Регламентин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-июлундагы №404 токтому менен бекитилген, «Аткаруу бийлигинин органдарынын чектеш функцияларды ишке ашыруу боюнча эриш-аркак иштешүүсүнүн» Типтүү регламентин аткаруунун алкагында: БУЙРУК КЫЛАБЫЗ: Тиркелген Автомобиль транспорту менен Кытай Эл Республикасына эл аралык жүк ташуучу каттамдарды жүргүзүп жаткан айдоочулар – Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ноталык колдоо көргөзүүнү жоболоштуруу, жөнөтүү жана берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин өз ара аракеттенүү Регламенти (мындан ары – Регламент) бекитилсин. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги Регламентке карап иш алып барышсын. Регламенттин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министринин көзөмөлдөөчү орун басарларына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри
Э.Абдылдаев
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри
Ж.Калилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.