Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин «Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин учкуч экипажынын курамы жөнүндө» буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 22 декабря 2022 года № 710 "О составе летного экипажа гражданских воздушных судов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-12-22.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 710 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2016-жылдын 1-августу № 2 «Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин учкуч экипажынын курамы жөнүндө» Жарандык авиация чөйрөсүндө ишмердикти жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 83-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндөгү токтомуна ылайык, БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын абада коммерциялык жүк ташууларды ишке ашырган, Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы тааныган чет элдик жарандарга, авиациялык жумуштарды аткарган авиакомпанияларынын жарандык аба кемелеринин курамына төмөнкү учурларда кирүү мүмкүндүгү берилсин:
- аба кемесинин түрүнө карата кайра окутуу программасына ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар авиациядагы адамдарды милдеттүү түрдө кайра окутуу менен, учкуч экипажында Кыргыз Республикасынын учкуч- жараны жок учурда, аба кемесинин түрүн өздөштүрсүн;
- Кыргыз Республикасында аба кемесинин пайдаланылып жаткан түрүнө учкуч экипажынын мүчөлөрүн даярдоо программаларына ылайык чет элдик инструкторлор Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар, кайталап окуудан өткөн учкуч экипажын үйрөтсүн жана машыктырсын.
Чет элдик жарандар менен эмгек келишимин түзүү мөөнөтү 2(эки) жылдан ашпасын.
2. Аба кемелеринин учкуч экипажына кабыл алынган чет элдик мүчөлөрү, башка мамлекет тарабынан берилген авиациялык персоналдын Күбөлүгүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы № 1 буйругу менен бекитилген КРАЭ-1 “Авиациялык персоналга күбөлүк берүү” ылайык Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органында таануу процедурасынан өтүшсүн.
3. Бул буйрук расмий жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысынын м.а. Э.Мамыркалиевге жүктөлсүн.
Министр
З. Айдаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 710 "Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин учуу экипажынын курамы жөнүндө" токтомуПостановление · 22.12.2022 · № 710 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө" буйругуПриказ · 27.01.2016 · № 1
- Кыргыз Республикасынын АбаКодекс · 06.08.2015 · № 218
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 710 "Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин учуу экипажынын курамы жөнүндө" токтомуПостановление · 22.12.2022 · № 710 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон