Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин учуу экипажынын курамы жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 10 февраля 2026 № 83 «О признании утратившим силу постановления Кабинета Министров Кыргызской Республики «О составе летного экипажа гражданских воздушных судов Кыргызской Республики» от 22 декабря 2022 года № 710» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-02-10.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 83 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 22-декабры № 710 Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин учуу экипажынын курамы жөнүндө Жарандык авиация жаатындагы ишти жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 83-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан авиациялык персонал жок болгон учурда, коммерциялык аба ташууларын жүзөгө ашырган, авиациялык иштерди аткарган Кыргыз Республикасынын авиакомпанияларынын жарандык аба кемелеринин экипажынын курамына төмөнкүлөр кириши мүмкүн деп белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарына ылайык кесиптик жана атайын даярдыгы бар жана авиациялык персоналдын колдонуудагы күбөлүгү Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органынын таануу жол-жобосунан өткөн чет өлкөлүк жарандар;
2) жарандык авиация жаатында Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында кесиптик жана атайын даярдыктан өткөн, Кыргыз Республикасынын авиациялык персоналынын күбөлүгүн алган чет өлкөлүк жарандар.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 1-августундагы № 2 "Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин учуу экипажынын курамы жөнүндө" буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтомду ишке ашыруу тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 83 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 710 «Кыргыз…Постановление · 10.02.2026 · № 83
- КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 1-августундагы № 2 «Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин учкуч экипажынын курамы жөнүндө» буйругуПриказ · 01.08.2016 · № 2 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын АбаКодекс · 06.08.2015 · № 218
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 83 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 710 «Кыргыз…Постановление · 10.02.2026 · № 83
- КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 1-августундагы № 2 «Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин учкуч экипажынын курамы жөнүндө» буйругуПриказ · 01.08.2016 · № 2 · Күчүн жоготкон