Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
4-статья. Чарбалык ичүүчү суу менен жабдуу жагындагы Кыргыз Рес-
Күчүндө · 18.07.2014 редакциясы · I бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 октября 2012 года № 170
публикасынын атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда- рынын компетенциясы
Саламаттык сактоо боюнча ыйгарым укуктуу органы, стандартташтыруу жана метрология боюнча ыйгарым укуктуу органы, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органы, айылды суу менен камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органы, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу органы, калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу жагындагы Кыргыз Республикасынын атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары болуп саналат. Төмөндөгүлөр: калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу; чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү; борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун камсыз кылуу, ичүүчү суунун коопсуздугун камсыз кылуу жана анын сапатын жакшыртуу боюнча мамлекеттик, мамлекеттер аралык максаттуу программаларды иштеп чыгуу; ичүүчү суунун жана суу менен жабдуу булактарынын коопсуздугунун жана зыянсыздыгынын критерийлерин, ошондой эле чарбалык жана ичүүчү суу менен жабдуу тутумдарына, материалдарына, реагенттерине, жабдууларына, түзүлүштөрүнө карата коюла турган санитардык-гигиеналык жана эпидемиологиялык талаптарды белгилеген санитардык-эпидемиологиялык ченемдер менен эрежелерди жана гигиеналык ченемдерди иштеп чыгуу, бекитүү жана колдонууга киргизүү; илимий-техникалык прогресстин жана жаңы экономикалык механизмдин жетишкендиктерин чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун курууга, кайра конструкциялоого жана эксплуатациялоого жайылтуу; чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун долбоорлоодо, курууда жана пайдаланууда талаптардын аткарылышына, санитардык коргоо зоналарында суу менен жабдуу булактарынын булганышын болтурбоо жана жоюу боюнча зарыл иш-чараларга мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу; борборлоштурулган жана борборлоштурулбаган чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумдарындагы ичүүчү суунун сапатына мамлекеттик санитардык - эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу; стандарттардын жана санитардык ченемдер менен эрежелердин талаптарына ылайык ичүүчү суунун сапатына контролдукту өркүндөтүү; ичүүчү сууну гигиеналык сертификациялоодон өткөрүү; ичүүчү суунун сапатын жакшыртуу максатында илимий изилдөөлөр менен технологиялык иштеп чыгууларды координациялоо, жайылтуу жана алардын натыйжаларын пайдаланууга көмөк көрсөтүү; суу менен жабдуу ишканалары үчүн адистерди даярдоого, кайра даярдоого жана алардын квалификациясын жогорулатууга катышуу; тиешелүү профилдеги чет өлкөлүк уюмдар менен илимий-техникалык жана экономикалык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу; чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун долбоорлорунун ченемдеринин долбоорлору боюнча корутундуларды даярдоо; белгиленген тартипте ичүүчү сууга болгон стандарттарды иштеп чыгуу жана стандартташтыруу жана метрология боюнча ыйгарым укуктуу органга белгиленген тартипте бекитүүгө берүү; ичүүчү сууну өндүрүүдө жана кайра иштетүүдө жаңы химиялык заттарды, каражаттарды жана усулдарды колдонууга уруксат берүү саламаттык сактоо боюнча ыйгарым укуктуу органынын калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу чөйрөсүндөгү компетенциясына таандык кылынат. Төмөндөгүлөр: ичүүчү суунун коопсуздугунун жана зыянсыздыгынын критерийлерин белгилеген стандарттарды иштеп чыгуу, бекитүү жана колдонууга киргизүү; стандарттардын талаптарына ылайык ичүүчү суунун сапатына контролдукту өркүндөтүү; ичүүчү сууну сертификациялоодон өткөрүү; ичүүчү сууну стандартташтыруу жана контролдукту метрологиялык камсыз кылуу жагында чет өлкөлөр менен илимий - техникалык жана экономикалык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу стандартташтыруу жана метрология боюнча ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына таандык кылынат. Төмөндөгүлөр: чарбалык-ичүү багытындагы суу менен жабдуу булактарын жана суу түтүктөрүн санитардык коргоо зоналарынын укуктук тартибин белгилөө; суу коргоо мыйзамдарынын талаптарынын, суу менен жабдуу булактарынын санитардык-коргоо зоналарынын тартибинин сакталышына мамлекеттик контролдукту уюштуруу жана жүзөгө ашыруу, суу ресурстарынын булганышын, азайышын болтурбай коюу жана жоюу, аларды сарамжал жана үнөмдүү пайдалануу боюнча чараларды көрүү; чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун өнүктүрүү, ичүүчү суунун коопсуздугун камсыз кылуу жана анын сапатын жакшыртуу боюнча мамлекеттик, мамлекеттер аралык жана регионалдык максаттуу программаларды иштеп чыгууга катышуу жана ишке ашырууга көмөк көрсөтүү; калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу жагында мыйзамдардын долбоорлорун жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органынын компетенциясына таандык кылынат. Төмөндөгүлөр: айылдык калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу; ичүүчү суунун коопсуздугун жана зыянсыздыгын, анын стандарттарга жана гигиеналык талаптарга ылайык келишин камсыз кылуу; айылдык калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумун өнүктүрүү боюнча мамлекеттик жана регионалдык максаттуу программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; илимий-техникалык прогресстин жана жаңы экономикалык механизмдин жетишкендиктерин айылдык калкты суу менен жабдуу объектилерин курууга жана эксплуатациялоого жайылтуу; суу менен жабдуу боюнча айыл объектилеринин абалын жакшыртуу боюнча экономикалык механизмди иштеп чыгуу жана өркүндөтүү; санитардык коргоо зоналарындагы суу менен жабдуу булактарынын булганышын болтурбай коюу жана жоюу боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзүү; чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумунун туруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча ведомствого караштуу уюмдардын ишин координациялоо; Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен жана бюджеттен тышкаркы фондулардан каржылануучу долбоорлоо-иликтөө жана илимий-изилдөө жумуштарынын аткарылышын камсыз кылуу; айылды суу менен жабдуу ишканалары үчүн адистерди даярдоону, кайра даярдоону жана алардын квалификациясын жогорулатууну уюштуруу; тиешелүү профилдеги чет өлкөлүк фирмалар менен илимий-техникалык экономикалык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу суу жана айыл чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу органынын компетенциясына таандык кылынат. Төмөндөгүлөр: жер астындагы ичүүгө жарактуу суулардын запастарын мамлекеттик эсепке алуу; жер астындагы сууларды азаюудан жана булгануудан коргоого мамлекеттик контролдук; режимге жана сапатка туруктуу байкоолордун негизинде жер астындагы ичүүгө жарактуу суулардын абалынын мониторингин жүргүзүү; суу алуучу курулуштардын (жер астындагы суулар жагында) мамлекеттик суу кадастрын жана мамлекеттик реестрин киргизүү; жер астындагы ичүүгө жарактуу сууларды пайдаланууга жана коргоого байланыштуу долбоорлорду экспертизадан өткөрүү жана жер астындагы сууларга тиешеси бар башка суу чарба маселелерин чечүүгө катышуу; (Жетинчи абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 240, 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.07.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 10.10.2012 · № 170
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/200/st-4" title="4-статья - Ичүүчү суу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>