3-статья. Калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун негизги прин-
Күчүндө · 18.07.2014 редакциясы · I бөлүм
циптери жана ичүүчү суунун сапатын камсыз кылуу боюнча чаралар
Төмөндөгүлөр: тиешелүү эсептик дебиттерге, санитардык-гигиеналык жана экологиялык талаптарга, ошондой эле сууну тазалоо жана зыянсыздандыруу боюнча мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык келген чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун тутумунун булагын тандап алуу; ичүүчү суунун коопсуздугу жана зыянсыздыгы боюнча талаптарды камсыз кылуу, чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумунун зарыл болгон технологиялык ишенимдүүлүгүн түзүү жана суу менен жабдуу булактарын санитардык коргоо боюнча чараларды көрүү; керектөөнүн негизделген ченемдерине ылайык калктын сууга болгон керектөөлөрүн канааттандыруу; стандарттар менен санитардык эрежелердин жана ченемдердин талаптарына ылайык ичүүчү суунун сапатын туруктуу сактоо чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун негизги принциптери болуп эсептелет. Калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун негизги принциптерин ишке ашыруу жана ичүүчү суунун сапатын камсыз кылуу чаралардын комплекси аркылуу жетишилет, ага: суу менен жабдуунун булактарынын булганышын болтурбоо; суу алуучу курулуштарды, сууну тазалоо, зыянсыздандыруу жана ташуу курулуштарын куруу жана ишенимдүү пайдалануу, аларды зарыл ресурстар менен артыкчылык берип камсыз кылуу; сууну тазалоонун жана зыянсыздандыруунун жеткилең ыкмаларын иштеп чыгуу жана жайылтуу: суу түтүгүнүн тармактарын өнүктүрүү жана модернизациялоо; белгиленген стандарттар жана санитардык эрежелер менен ченемдерге ылайык ичүүчү суунун сапатына карата илимий негизделген ченемдик талаптарды иштеп чыгуу жана жайылтуу; ичүүчү суунун сапатын контролдоонун натыйжалуу тутумун түзүү; калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдууну жакшыртуу боюнча ишке экономикалык түрткү берүү; калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жагындагы адистерди даярдоо; калкты суу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө коомчулукка маалымдап туруу кирет.
Берененин тексти 18.07.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/200/st-3" title="3-статья - Ичүүчү суу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>