Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 18.07.2014 редакциясы · I бөлүм
Суу - жыты жана даамы жок түзсүз, тунук суюктук. Ичүүчү суу - өзүнүн сапаты боюнча стандарттарга жана гигиеналык талаптарга, чарбалык-ичүүчү жана коммуналдык, турмуш-тиричилик максаттары үчүн белгиленген санитардык эрежелер менен ченемдерге ылайык келген суу. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу - тиешелүү ишканалар менен уюмдардын чарбалык-ичүүчү жана коммуналдык, турмуш-тиричилик максаттары үчүн адамдардын сууга болгон керектөөлөрүн камсыз кылууга багытталган иш чөйрөсү. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутуму - калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн арналган техникалык тутум. Суу түтүгүнүн тармагы (суу түтүгү) - ичүүчү сууну керектөөчү жерлерге берүү үчүн курулуштар менен жабдылган түтүк өткөргүчтөр тутуму. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутуму - суу түтүгүнүн тармагы бар чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутуму. Санитардык коргоо зонасы - суу менен камсыз кылуу булагын жана ушул булактан чарбалык-ичүүчү багыттагы суу берүүчү суу түтүгү, анда сууну өтө коркунучтуу химиялык жана биологиялык заттардан жана организмдерден булгануудан сактоонун өзгөчө тартиби белгиленет. Ичүүчү суунун кемчилиги - анын стандартка, келишимдин шарттарына жана ичүүчү суунун сапатына коюлуучу талаптарга ылайык келбеши. Ичүүчү суунун олуттуу кемчилиги - ичүүчү сууну анын максаттуу багытына ылайык пайдаланууга мүмкүн эместиги же жол берилгис кылган кемчилиги. Төмөндөгүлөр: сууда жөн гана караганда суу организмдеринин жана (же) үстүнкү катмардын байкалып турушу; кургак калдыктын 1500 мг/л дан жогору болушу; оңой байкалуучу жыттын, даамдын жана татымдын бар экендиги жана суу жөнүндө жагымсыз пикирлерди жаратуу ичүүчү суунун олуттуу кемчиликтерине таандык кылынат.
Берененин тексти 18.07.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 654 "Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 05.10.2017 · № 654 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы №349 "Кыргыз Республикасынын "Ичүүчү суу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 03.06.2009 · № 349 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 1 июля 2002 года №453 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О питьевой воде"Постановление · 01.07.2002 · № 453 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 14 декабря 1999 года N 689 " О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О питьевой воде"Постановление · 14.12.1999 · № 689 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/200/st-1" title="1-статья - Ичүүчү суу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>