Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын «Ичүүчү суу жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-06-03.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 3-июну № 349 "Кыргыз Республикасынын "Ичүүчү суу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын "Ичүүчү суу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору (макулдашуу боюнча) аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
И.Чудинов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын "Ичүүчү суу жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене. Кыргыз Республикасынын "Ичүүчү суу жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 8, 394-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
1. 4-беренеде:
- биринчи бөлүктө:
- "суу жана айыл чарбасы боюнча" деген сөздөр "айылды суу менен камсыздоо боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "турак жай коммуналдык чарбасынын ишканалары менен уюмдарынын ыйгарым укуктуу органы" деген сөздөр алып салынсын;
- бешинчи бөлүктүн биринчи абзацындагы "суу жана айыл чарбасы боюнча" деген сөздөр "айылды суу менен камсыздоо боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жетинчи бөлүк алып салынсын.
2. 5-беренеде:
- аталышындагы жана берененин бардык текстиндеги "жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын" деген сөздөр алып салынсын;
- биринчи бөлүктүн үчүнчү абзацындагы "жана райондук" деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи бөлүктөгү ", жергиликтүү бюджеттер" деген сөздөр "бюджет" деген сөз менен алмаштырылсын.
3. 7-беренеде:
- биринчи бөлүктүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Алар мамлекеттик, муниципалдык менчикте болушу мүмкүн.";
- экинчи бөлүктөгү "ээси" деген сөз "менчик ээси" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- үчүнчү бөлүктөгү "ведомстволорго караштуу" деген сөздөр "тиешелүү" деген сөз менен алмаштырылсын, "айылдык калктуу конуш" деген сөздөр "айылдык округ" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төртүнчү бөлүктөгү "ээлери" деген сөз "менчик ээлери" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- сегизинчи бөлүк "мамлекеттик башкаруу органдары" деген сөздөрдөн кийин "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр менен толукталсын;
- он биринчи бөлүк "мамлекеттик муктаждыктардын" деген сөздөрдөн кийин "жана жергиликтүү коомчулуктун муктаждыктарынын" деген сөздөр менен толукталсын, "мамлекеттик буюртма" деген сөздөрдөн кийин "жана муниципалдык буюртма" деген сөздөр менен толукталсын;
- он үчүнчү бөлүктөгү "жана жергиликтүү администрация" деген сөздөр "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 9-беренеде:
- биринчи бөлүктөгү "ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- үчүнчү бөлүктөгү "ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелери-тутумдун" деген сөздөр "менчик" деген сөз менен алмаштырылсын.
5. 13-беренеде:
- үчүнчү бөлүктүн биринчи абзацындагы "ведомстволорго караштуу аймактын (шаардын, областтын, райондун) мамлекеттик администрациясынын жетекчиси" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу-тескөө органынын жетекчиси," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төртүнчү бөлүктөгү "берген администрация" деген сөздөр "берген орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдарга" деген сөздөрдөн кийин "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органына" деген сөздөр менен толукталсын.
6. 14-беренеде:
- алтынчы бөлүктөгү "жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетекчилиги" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органынын жетекчилиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жетинчи бөлүктөгү "Ведомстволук баш ийген аймактагы мамлекеттик администрациянын жетекчиси" деген сөздөр "Тиешелүү аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органынын жетекчиси" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 16-берененин экинчи бөлүгүнүн биринчи абзацындагы ", сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелери" деген сөздөр алып салынсын.
8. 21-берененин экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Чарбалык-ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана коммуналдык тиричилик муктаждыктары үчүн берилүүчү ичүүчү суу менен калкты камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн тарифтери суу менен камсыз кылуу жана суу бөлүштүрүү тармактарын жана курулмаларын пайдаланууну жана күтүүнү жүзөгө ашыруучу ишканалардын сунушу менен, монополияга каршы аймактык органдар менен макулдашуу боюнча айылдык округдардын, поселкалардын жана шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет.";
- экинчи бөлүктүн экинчи жана үчүнчү абзацтары алып салынсын.
9. 22-берененин экинчи бөлүгүнүн үчүнчү сүйлөмү алып салынсын.
10. 23-берененин үчүнчү бөлүгү "ыйгарым укук берилген органдары" деген сөздөрдөн кийин "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Ичүүчү суу жөнүндөЗакон · 25.03.1999 · № 33
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон