1-статья
Күчүн жоготкон · 24.04.2014 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2014 года № 64.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчы-
сы, 2000-ж., № 1, 14-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 6-статьянын 3-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Парламенттер аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштар Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасы же Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин депутаттары тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин кароосуна киргизилет.".
2. 7-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацындагы "Мыйзам чыгаруу жы-
йынынын" деген сөздөр алып салынсын.
3. 8-статьянын 2-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын парламент аралык келишимдерине кол коюу
жөнүндөгү чечимдер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан ка-
был алынат.".
4. 9-статьянын 2-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасы атайын ыйга-
рым укугу жок эле Кыргыз Республикасынын парламенттер аралык келишимде-
ри боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин атынан кол коюуга укуктуу.".
5. 10-статьянын үчүнчү абзацындагы "Мыйзам чыгаруу жыйынынын Төра-
гасы жана Эл өкүлдөр жыйынынын" деген сөздөр алып салынсын.
6. 12-статьянын 2-пунктундагы "Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу
жыйынына" деген сөздөр "Жогорку Кењешине" деген сөздөр менен алмашты-
рылсын.
7. 13-статьянын 1-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ратификациялоо
жөнүндө чечим (анын ичинде финансылык келишимдер жана кредиттик макул-
дашуулар) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан мыйзам
түрүндө кабыл алынат жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан
кол коюлат.".
8. 17-статьянын 2-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Парламенттер аралык келишимдерге кошулуу жөнүндө чечимдер Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынат.".
Берененин тексти 24.04.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1995/st-1" title="1-статья - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>