Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу»Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 24 апреля 2014 года № 64 "О международных договорах Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-04-24.
КР 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары
2006-жылдын 5-декабры № 197
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына
өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
2006-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчы-
сы, 2000-ж., № 1, 14-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 6-статьянын 3-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Парламенттер аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштар Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасы же Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин депутаттары тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин кароосуна киргизилет.".
2. 7-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацындагы "Мыйзам чыгаруу жы-
йынынын" деген сөздөр алып салынсын.
3. 8-статьянын 2-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын парламент аралык келишимдерине кол коюу
жөнүндөгү чечимдер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан ка-
был алынат.".
4. 9-статьянын 2-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасы атайын ыйга-
рым укугу жок эле Кыргыз Республикасынын парламенттер аралык келишимде-
ри боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин атынан кол коюуга укуктуу.".
5. 10-статьянын үчүнчү абзацындагы "Мыйзам чыгаруу жыйынынын Төра-
гасы жана Эл өкүлдөр жыйынынын" деген сөздөр алып салынсын.
6. 12-статьянын 2-пунктундагы "Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу
жыйынына" деген сөздөр "Жогорку Кењешине" деген сөздөр менен алмашты-
рылсын.
7. 13-статьянын 1-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ратификациялоо
жөнүндө чечим (анын ичинде финансылык келишимдер жана кредиттик макул-
дашуулар) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан мыйзам
түрүндө кабыл алынат жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан
кол коюлат.".
8. 17-статьянын 2-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Парламенттер аралык келишимдерге кошулуу жөнүндө чечимдер Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынат.".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-июнундагы №384 "«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 08.06.2012 · № 384 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64