Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-статья
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
"Кыргыз Республикасынын аткаруу иши жөнүндө жана соттук аткаруучу- лардын статусу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Рес- публикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 160-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Мамлекеттик тилдеги Мыйзамдын аталышындагы жана бүткүл текстин-
деги ар түрдүү жөндөмөдөгү "аткаруу иши" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "аткаруу өндүрүшү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Мыйзамдын аталышындагы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр
"Кыргыз Республикасындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 1-статьядагы "менен арбитраждык соттордун" деген сөздөр алып
салынсын.
4. 3-статьядагы ", арбитраждык" деген сөз алып салынсын.
5. 12-статьянын 1-пунктунун 3-пунктчасы төмөндөгүдөй мазмундагы
сүйлөм менен толукталсын: "Банктык жашыруун сырды камтыган маалыматтар- ды түзгөн маалыматтарды жана маалымкаттарды талап кылган учурда мындай маалыматтарды талап кылуу укугу сот актысында көрсөтүлүүгө тийиш;".
6. 18-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасындагы ", арбитраждык сот-
тордуку - алты айдын ичинде" деген сөздөр алып салынсын.
7. 28-статьянын 1-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Аткаруу өндүрүшүн токтото туруу жана токтотуу жалпы юрисдикци- янын соту тарабынан иштин сотко караштуулугуна ылайык, аткаруу докумен- ти аткарыла турган жерде жүргүзүлөт.".
8. 61-статьянын 2-пунктундагы "камак салууну каттоо жөнүндө сунуш-
ту кыймылсыз мүлктү каттоо органына жөнөтөт, ошондой эле бул тууралу кыймылсыз мүлк турган жердеги нотариалдык конторага маалымдайт" деген сөздөр "аны каттоо үчүн камак салынгандыгы жөнүндөгү токтомду кыймылсыз мүлктү каттоо органына жөнөтөт, ошондой эле камак салынгандыгы тууралу кыймылсыз мүлк турган жердеги нотариалдык конторага кабарлайт." деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1974/st-1" title="1-статья - Кыргыз Республикасынын аткаруу иши жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>