Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын аткаруу иши жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө»Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-01-20.
КР 2017-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-июлунан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары 2006-жылдын 20-ноябры № 181
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын аткаруу иши жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө
1-статья.
"Кыргыз Республикасынын аткаруу иши жөнүндө жана соттук аткаруучу- лардын статусу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Рес- публикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 160-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Мамлекеттик тилдеги Мыйзамдын аталышындагы жана бүткүл текстин-
деги ар түрдүү жөндөмөдөгү "аткаруу иши" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "аткаруу өндүрүшү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Мыйзамдын аталышындагы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр
"Кыргыз Республикасындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 1-статьядагы "менен арбитраждык соттордун" деген сөздөр алып
салынсын.
4. 3-статьядагы ", арбитраждык" деген сөз алып салынсын.
5. 12-статьянын 1-пунктунун 3-пунктчасы төмөндөгүдөй мазмундагы
сүйлөм менен толукталсын: "Банктык жашыруун сырды камтыган маалыматтар- ды түзгөн маалыматтарды жана маалымкаттарды талап кылган учурда мындай маалыматтарды талап кылуу укугу сот актысында көрсөтүлүүгө тийиш;".
6. 18-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасындагы ", арбитраждык сот-
тордуку - алты айдын ичинде" деген сөздөр алып салынсын.
7. 28-статьянын 1-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Аткаруу өндүрүшүн токтото туруу жана токтотуу жалпы юрисдикци- янын соту тарабынан иштин сотко караштуулугуна ылайык, аткаруу докумен- ти аткарыла турган жерде жүргүзүлөт.".
8. 61-статьянын 2-пунктундагы "камак салууну каттоо жөнүндө сунуш-
ту кыймылсыз мүлктү каттоо органына жөнөтөт, ошондой эле бул тууралу кыймылсыз мүлк турган жердеги нотариалдык конторага маалымдайт" деген сөздөр "аны каттоо үчүн камак салынгандыгы жөнүндөгү токтомду кыймылсыз мүлктү каттоо органына жөнөтөт, ошондой эле камак салынгандыгы тууралу кыймылсыз мүлк турган жердеги нотариалдык конторага кабарлайт." деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2006-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү…Закон · 20.01.2017 · № 6
- Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуЗакон · 18.03.2002 · № 39 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22 мартындагы №185 "Аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 22.03.2006 · № 185 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү…Закон · 20.01.2017 · № 6
- Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуЗакон · 18.03.2002 · № 39 · Күчүн жоготкон