Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу» мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-11-25.
Кыргыз Республикасынын
2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2006-жылдын 8-ноябры № 179
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин регламенти
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
толуктоо киргизүү тууралу
2006-жылдын 8-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити, 2005- жылдын 18-янва-
ры, № 4-5) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 16-1-глава менен толукталсын:
"16-1-глава
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын
жањы редакциясын кабыл алуу
123-1-статья.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жањы редакциясы Кыргыз
Республикасынын Президенти тарабынан дайындалган референдум менен кабыл
алынышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жањы редакциясы Кыргыз
Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн сунушу боюнча же болбосо 300
мињден кем эмес шайлоочулардын демилгеси боюнча кабыл алынышы мүмкүн.
123-2-статья.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жањы редакциясынын долбоо-
ру Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Аппаратында белгиленген
каттоо жол-жобосунан өтүүгө тийиш, андан кийин Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин Төрагасы аны профилдик комитетте, ал эми зарыл болсо
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин дагы башка комитеттерине жө-
нөтөт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жањы редакциясынын долбоо-
рун депутаттык бирикмелерден (фракциялардан, депутаттык топтордон), ай-
рым депутаттардан (7 адамдан кем эмес топту түзгөн) келип түшкөн сунуш-
тарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен долбоорду талкуулоонун мате-
риалдарын изилдеп-иликтеген жана жалпылаган жооптуу комитеттин кароосу-
нун натыйжасы боюнча долбоор кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешине жөнөтүлөт.
123-3-статья.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жањы редакциясынын долбоо-
ру Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку Кењешинин профилдик комитетинин корутундусун эске алуу ме-
нен каралат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жањы редакциясы Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кеминде эки окуу өткөрүлгөндөн
кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарынын жалпы са-
нынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
123-4-статья.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жањы редакциясын кароонун
жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши долбоор боюнча демилге-
чилердин баяндамасын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин профил-
дик комитетинин кошумча баяндамасын, Кыргыз Республикасынын Президенти
тарабынан ыйгарым укук берилген адамдын, ошондой эле талкуулоого каты-
шуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан тартылган экс-
перттердин жана башка адамдардын чыгып сүйлөгөн сөздөрүн утат.
123-5-статья.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жањы редакциясынын кабыл
алынбаган долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине кеминде бир
жылдан кийин киргизилиши мүмкүн.".
2-статья.
Ушул Мыйзам кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2010-жылдын 2-декабры № 4-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" токтомуПостановление · 02.12.2010 · № 4
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөЗакон · 03.01.2005 · № 3 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон