КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Тил боюнча комиссия жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 13 июля 2017 года № 230 "О признании утратившим силу постановления Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 27 июля 2011 года «Об утверждении Положения о Комиссии по языку» № 57"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-07-27.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР БШКсынын 201-жылдын 13-июлундагы № 230 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 27-июлу № 57 Тил боюнча комиссия жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Тил боюнча комиссия жөнүндө" Жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шаимкуловага жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-июлундагы № 57 токтому менен бекитилген
Тил боюнча комиссия жөнүндө
жобо
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесинин 1-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 51-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) Тил боюнча комиссияны түзөт.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн белгилөө Тил боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен, мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган курамы 12 адамдан турган тил боюнча комиссияны сунуш кылат, ал 10 күндүк мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен бекитилет.
Тил боюнча комиссиянын мүчөлөрү комиссия иштеген убакыт бою өздөрүнүн кызматтык милдеттеринен бошотулат, айлык акысы сакталат.
3. Тил боюнча комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык камсыздоону Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты жүзөгө ашырат.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүүсү талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктаган күндөн тартып талапкерлерди каттоо аяктаган күнгө чейин белгиленет.
5. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн Тил боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде белгилейт.
Мамлекеттик тилди билүүсү мамлекеттик тилде окуй, жаза, өз оюн баяндай билүүсү менен аныкталат. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн текшерүү үчүн талапкер:
1) өзүнүн шайлоо алдындагы программасын 3 беттен ашпаган көлөмдө жазуу жүзүндө баяндай билүүсү;
2) өзүнүн шайлоо алдындагы программасынын негизги жоболорун баяндоо менен 15 мүнөттөн ашык эмес оозеки сүйлөп берүүсү;
3) көлөмү 3 беттен ашпаган басма текстти окуп берүүсү керек. Тил боюнча комиссиянын ар бир мүчөсү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндө төмөнкүдөй шкала боюнча ар бир пункт боюнча өзүнчө үн чыгарып корутунду берет:
1) билет;
2) билбейт.
6. Талапкерди мамлекеттик тилди билбейт деп таануу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн текшерүүгө катышпаганы;
2) мамлекеттик тилде окуй, жаза жана өз оюн баяндай билбегени.
7. Тил боюнча комиссиянын жыйналыштары Борбордук шайлоо комиссиясынын имарат-жайында өтөт. Тил боюнча комиссиянын жыйналышын өткөрүү датасын жана убактысын Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер менен макулдашуу боюнча аныктайт.
8. Тил боюнча комиссиянын жыйналыштарында кезек менен комиссиянын мүчөлөрү төрагалык кылышат. Төрагалык кылуучу Тил боюнча комиссиянын жыйналышында чүчүкулак менен шайланат.
9. Тил боюнча комиссиянын жыйналышы эгерде, анда Тил боюнча комиссиянын 9 мүчөсүнөн кем эмес катышса укук ченемдүү болуп эсептелет.
10. Тил боюнча комиссиянын чечими катышып жаткан анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Тил боюнча комиссиянын жыйналышында катышып отурган мүчөлөрүнүн эч кимиси добуш берүүдө калыс болууга укугу жок. Тил боюнча комиссиянын чечимдерин кабыл алууда «макул» же «каршы» добуштар бирдей болуп калган учурда, Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болул саналат. Чечим мамлекеттик тилде чыгарылат жана Тил боюнча комиссиянын жыйналышка катышкан бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.
11. Тил боюнча комиссиянын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин тилди билишин текшерүү жыйналышына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү катышат.
12. Талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн текшерүү талапкерлер үчүн бирдей шарттарды сактоо менен жүргүзүлөт.
13. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телекөрсөтүүсү талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо жолжобосун түз эфирде чагылдырууга милдеттүү.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-августундагы № 88 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 08.08.2011 · № 88
- Кыргыз республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2017 жылдын 13июлу № 230 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча…Постановление · 13.07.2017 · № 230
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 17-августундагы № 150 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 17.08.2011 · № 150
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2017 жылдын 13июлу № 230 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча…Постановление · 13.07.2017 · № 230
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндөЗакон · 14.03.1997 · № 14 · Күчүн жоготкон