19-4-статья. Кредиторлордун чогулушунун чечимдери
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Карызкор банктын кредиторлору биринчи чогулушта төмөнкүлөрдү
чечиши мүмкүн:
1) реабилитациялоо планын кабыл алууну;
2) планга өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизүүгө жана аларды ка-
рызкор банкка сунуш кылууга тийиш, ал өзгөртүлгөн планды 14 календарлык күндүн ичинде кабыл алууга же четке кагууга тийиш. Өзгөртүлгөн план ка- рызкор банк тарабынан четке кагылган учурда реабилитациялоо жол-жобосу ушул Мыйзамга ылайык атайын администрациялоо жол-жобосуна айланышы мүмкүн;
3) зарыл болгондо өз чечимин он төрт календарлык күндөн ашпаган
мөөнөткө кийинкиге калтырууну. Бул мөөнөт аяктагандан кийин экинчи чо- гулуш чакырылат;
4) реабилитациялоо планын четке кагууну;
5) реабилитациялоо планын четке кагууну жана атайын администрация-
лоо жол-жобосун козгоону.
2. Эгерде чогулушка катышкан бардык кредиторлор жана карызкор банк
бир добуштан добуш берсе, соттон тышкары тартипте реабилитациялоо жол-жобосун жүргүзүү жөнүндө маселе боюнча чечим кабыл алынды деп эсеп- телинет. Андай болбогон учурда реабилитациялоо жол-жобосу сот тартибин- де гана жүргүзүлүүгө тийиш. Эгерде кредиторлордун биринчи же андан кийинки ар кандай чогулуш- тарынын башка маселелери боюнча чечими карызкор банктын карызынын чогу- лушуна катышкандарга тиешелүү суммасынын 60 жана андан ашык пайызына талапкер болгон кредиторлор добуш беришсе, кабыл алынды деп эсептели- нет. Чогулушка катышпаган адамдардын карызынын суммасы эч кандай маани- ге ээ болбойт.
3. Кредиторлор "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Респуб-
ликасынын Мыйзамына ылайык кредиторлор комитетин түзүүгө укуктуу.
4. Карызкор банк же ар кандай кредитор 7 календарлык күндүн ичинде
кредиторлордун чогулушунун чечимине сотко даттанууга укуктуу. Бул учур- да арыз берүүчү арызга реабилитациялоо планынын текстин жана кредитор- лордун чогулушунун протоколун тиркөөгө тийиш.
5. Кредиторлордун андан кийинки чогулуштары карыздын жалпы сумма-
сынын 20 же андан ашык пайызын талап кылган банктын атайын администра- тору же кредиторлор тарабынан козголушу мүмкүн. Кийинки чогулуштар реа- билитациялоо жол-жобосун атайын администрациялоого айландыруу планын өзгөртүү үчүн же башка мыйзамдуу себептер боюнча чакырылышы мүмкүн.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1968/st-19-4" title="19-4-статья - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>