19-3-статья. Карызкор банкты реабилитациялоо жол-жобосун
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
жүргүзүүнүн шарттары
1. Ушул Мыйзамга ылайык реабилитациялоо жүргүзүү жөнүндө чечим ка-
был алынгандан кийин карызкор банк төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өзүнүн негизги турган жерине эњ жакын региондогу республикалык
жана областтык (же жергиликтүү) газетага кулактандыруу жарыялоого. Бул кулактандыруу кеминде 10 календарлык күндүк тыныгуу менен кеминде эки жолу жарыяланууга тийиш. Кулактандырууда кредиторлордун чогулушун өткөрүүнүн убактысы, датасы, орду жана максаты көрсөтүлүүгө тийиш;
2) эњ аз эмгек акынын 100 өлчөмүндө жана андан ашык карызы бар
бардык белгилүү кредиторлорго:
а) кредиторлордун чогулушунун убактысы, датасы, орду жана максаты
жөнүндө кабарлама;
б) аларга тиешелүү сумманы көрсөтүү менен бардык белгилүү креди-
торлордун тизмесин, ошондой эле болжолдуу финансы маалыматты (мындай маалыматты берүүнүн тартиби банкроттук боюнча ченемдик укуктук актылар менен аныкталат);
в) реабилитациялоонун болжолдуу планын жиберүүгө;
3) ушул пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн акыркы кулактандыруу
жарыялангандан жана жазуу жүзүндөгү материалдар жөнөтүлгөндөн кийин 14 календарлык күндөн өткөрбөй кулактандырууда көрсөтүлгөн жерде жана убакта кредиторлордун чогулушун өткөрүүгө.
2. Кредиторлордун биринчи чогулушунда карызкор банк өзү жөнүндө
толук финансы маалыматын жана реабилитациялоонун жазуу жүзүндөгү планын берүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1968/st-19-3" title="19-3-статья - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>