11-статья. Тамеки заттарын таңгактоого жана маркировкалоого карата талаптар
Күчүн жоготкон · 15.09.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 сентября 2021 года № 121.
Тамеки заттарын мыйзамсыз сатуунун бардык түрлөрүн жоюу максатында, анын ичинде контрабанданы, мыйзамсыз жана жасалма жасоону кошкондо, ички рыноктогу чекене жана дүңүнөн сатууга арналган тамеки заттарынын ар бир пачкасында жана тангагында тамеки заттарын даярдаган өлкө көрсөтүлүп, "Кыргыз Республикасында сатууга уруксат берилет" деген жазуу болууга тийиш. Тамеки заттарынын ар бир пачкасында жана таңгагында мамлекеттик жана расмий тилдердеги тамеки тартуунун зыяндуулугу жөнүндөгү жазуулар, сүрөттөр жана/же пиктограмма түрүндөгү медициналык эскертүүлөр пачкалардын жана таңгактардын алдыңкы жана арткы жактарынын негизги аянтынын кеминде 40 пайызын ээлөөгө тийиш. Медициналык эскертүүнүн тексти төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш:
- ачык жана даана болууга;
- арасын ачпастан, ортосуна түптүз кылып тегиздеп, пачканын үстү жагына параллел кылып пачканын жана таңгактын төмөнкү регистрине ак фонго кара жоон тамгалар менен Helvetica деген жазуу басылат, ал соода маркасынан жана пачкадагы калган сүрөттөрдөн 3 миллиметр калыңдыктагы кара рамка менен бөлүнүп турууга тийиш. Эскертүүнүн ченемин аныктаганда рамканын ченеми эске алынбайт;
- пачканы (таңгакты) ачканда айрып албас үчүн жазуусу өйдө жайгаштырылууга;
- жашырып койбогудай, көрүнбөй калчудай, жеңил өчүрүлчүдөй, башка жазуулар же сүрөттөр басып салчудай болууга тийиш эмес.
Тамеки заттарын керектөө калктын ден соолугуна зыяндуулугу тууралу эскертүүнүн, сүрөттүн жана/же пиктограмманын текстинин мазмуну Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилет жана үч жылдан өткөрбөй бир жолу алмаштырылат.
Берененин тексти 15.09.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-декабрындагы № 719 "Тамекинин зыяны жөнүндө тамеки буюмдарынын кутуларына жана таңгактарына жайгаштыруу үчүн багытталган иллюстрацияланган медициналык…Постановление · 22.12.2014 · № 719
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы №118 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода жүргүзүү эрежелеринин жыйнагын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.03.2010 · № 118 · Күчүн жоготкон
- ПРАВИЛА оформления пачки и упаковки табачных изделий и требования к их маркировке (утверждены приказом Министерства здравоохранения Кыргызской Республики от 29 октября 2007 года…Приказ · 29.10.2007 · № 376 · Күчүн жоготкон
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ Тамекинин зыянын кабарлаган тамеки заттарынын кутусундагы жана кабындагы сүрөттүү медициналык эскертүүлөр жана…Приказ · 19.08.2008 · № 425 · Күчүн жоготкон
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ Тамеки заттарынын кабына жана маркировкасына карата талаптар жөнүндөПриказ · 29.10.2007 · № 376 · Күчүн жоготкон
- ПРИКАЗ МИНЗДРАВА КР от 29 февраля 2008 года N 85 "Об использовании текста медицинского предупреждения"Приказ · 29.02.2008 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-декабрындагы №719 токтомуПостановление · 22.12.2014 · № 719
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1967/st-11" title="11-статья - Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>