Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу» мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-08-21.
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2006-жылдын 21-августу № 174
Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу
1-статья. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 127-статьяда:
статьянын аталышындагы "жана балатылар" деген сөздөр ", жаш балатылар жана өзгөчө баалуу дарактар породалары" деген сөздөргө алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөр менен толукталсын: "Тиричиликте пайдалануу максатында (от жагуу жана отун) өзгөчө баалуу дарактар породаларын мыйзамсыз кыюу, - жарандарга - эсептик көрсөткүчтөрдүн ондон он бешке чейинки, кызмат адамдарына - отуздан элүүгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат. Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган ошол эле иш-аракеттер администрациялык жаза чара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, - жарандарга - эсептик көрсөткүчтөрдүн он бештен жыйырмага чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга болбосо он беш суткага чейинки мөөнөткө камакка алууга, кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтөрдүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат.".
2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын эки айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
2006-жылдын 30-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон