Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын «Баткен облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 18-февралы № 8 Баткен облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө БШКнын комиссиясынын "Баткен облусунун Лейлек районуна барып текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө" маалымкаттын жана Баткен облустук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 12-февралындагы № 3 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 16-беренесинин 3-пунктуна, 10-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы № 133 токтому менен бекитилген "Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн убактылуу тартибинин" 1, 2-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2004-жылдын 15-июнундагы № 15 токтому менен бекитилген "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча облустук, Бишкек, Ош шаардык комиссиялар жөнүндө жобонун" 2.11-пунктуна, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө" мыйзамынын 30-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облустук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- "Туран" демократиялык партиясынан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Ысаков Мурзабек Сулейманович курамдан чыгарылсын;
- "Акыйкат" республикалык партиясы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Бабаева Уулкан Абдукаримовна республиканын чегинен тышкары кеткендигине байланыштуу комиссиянын резервинен чыгарылсын.
- "КСДП" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Нурмаматов Абибилла комиссиянын курамына резервден киргизилсин.
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын.
3. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы № 133 "Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн убактылуу тартибин…Постановление · 22.07.2010 · № 133
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон