Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Ош шаарынын №№ 5301, 5558 шайлоо участкалары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 30-октябры № 326 Ош шаарынын №№ 5301, 5558 шайлоо участкалары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө Ош шаарынын шайлоо участкаларынан келип түшкөн шайлоо документтерин текшерүүнүн натыйжасы боюнча №№ 5301, 5558 шайлоо участкаларынын шайлоочулардын негизги тизмесинен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизалоо мамлекеттик борборунун адистеринин корутундусунда (Адистердин корутундусу - № 1 - 2623/01) тастыкталган, негизги тизмеде шайлоочулардын жасалма колтамгалары бир же ошол эле адамдар тарабынан коюлгандыгын көрсөткөн, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кодекстин 40-беренесинин 2, 4-пункттарын одоно бузуулар табылган. "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кодексти жогоруда көрсөтүлгөн бузуулар № 5301 жана № 5558 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарынын ишенимдүүлүгүн аныктоого мүмкүнчүлүк бербегендигине байланыштуу, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кодекстин 46-беренесинин 4 жана 5-пункттарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын № 5301 жана № 5558 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылсын.
2. Ушул токтом колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, бузууларга жол берген адамдарга карата тийиштүү чара көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү К.С.Сооронкуловага жүктөлсүн.
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 1-ноябрындагы № 331 "2010-жылдын 10-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин…Постановление · 01.11.2010 · № 331
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон