Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Ош шаарынын № 5290 шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 30-октябры № 325 Ош шаарынын № 5290 шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө Ош шаарынын шайлоо участкаларынан келип түшкөн шайлоо документтерин текшерүүнүн натыйжасы боюнча № 5290 шайлоо участкасынын шайлоочулардын негизги тизмесинен 891 шайлоочунун ким экендигин тастыктаган документтердин сериялары жана номерлери жоктугун көрсөткөн, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кодекстин 40-беренесинин 3, 4-пункттарын одоно бузуулар табылган. Ошондой эле негизги тизмеде шайлоочулардын жасалма колтамгалары бир жана ошол эле адамдар тарабынан коюлган фактысы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизалоо мамлекеттик борборунун адистеринин корутундусунда (Адистердин корутундусу - № 1 - 2623/01) белгиленген жана тастыкталган. "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кодексти жогоруда көрсөтүлгөн бузуулар № 5290 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын ишенимдүүлүгүн аныктоого мүмкүнчүлүк бербегендигине байланыштуу, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кодекстин 46-беренесинин 4 жана 5-пункттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын № 5290 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылсын.
2. Ушул токтом колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, бузууларга жол берген адамдарга карата тийиштүү чара көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү К.С.Сооронкуловага жүктөлсүн.
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 1-ноябрындагы № 331 "2010-жылдын 10-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин…Постановление · 01.11.2010 · № 331
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон