Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Маркировкалоо тартибине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 9-октябры № 317 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Маркировкалоо тартибине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасына ылайык, таза жана ачык шайлоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 4-сентябрындагы № 196 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо маркировкалоо Тартибине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
4-главада. Тестирлөө:
1) Биринчи абзацтын:
а) пунктунда - "таза ак кагаздын үстүнө" деген сөздөр "калемсаптын же карандаштын үстүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) пункту - алып салынсын;
в) пункту-төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"атайын жабдууну иштетүү жана атайын курам чачыратылган жерди жарыктандыруу".
2) Экинчи абзацтагы "Кагаздын" деген сөз " Калемсаптын же карандаштын" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Маркировкалоо тартибине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн маалыматтары жөнүндө бардык участкалык шайлоо комиссияларына тез арада билдирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.М.Мамараимовго жүктөлсүн.
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 4-сентябрындагы № 196 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочунун…Постановление · 04.09.2010 · № 196 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон