Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдордун сакталышын камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 28 июля 2015 года № 89 "Об утверждении Положения «Об организации и порядке голосования и установления итогов голосования избирательными комиссиями при выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики»"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-07-28.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 28-июлундагы № 89 токтомуна ылайык күчүн жоготкон
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 7-октябры № 312 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдордун сакталышын камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө кодекстин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдорду өз убагында жана талаптагыдай жеткирүүнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогору турган шайлоо комиссиясына жеткиргенде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдордун сакталышын камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө Жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү К.С.Сооронкуловага жүктөлсүн
Төрага
А. Сариев
Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 7-октябрындагы № 312 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдорду жогору турган шайлоо комиссиясына жеткиргенде алардын сакталышын камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө жобо
Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө кодекске ылайык, шайлоо комиссиялары добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдорду (мындан ары - протоколдор) өткөрүп берүүнү камсыз кылууга милдеттүү. Шайлоо комиссияларынын төрагалары добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдорду өз убагында жеткирип берүүдө жана алардын сакталышын камсыз кылууда жекече жоопкерчиликте болушат.
1. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү маалыматтарды тез арада өткөрүп берүү максатында участкалык шайлоо комиссиялары протоколдун көчүрмөсүн факс байланышы аркылуу берүүгө милдеттүү, эгерде факстык байланыш аппараты жок болсо, протоколдордун көчүрмөлөрүн жөнөтүү мындай жабдуусу бар эң жакынкы шайлоо участкасынан жүргүзүлүшү керек.
2. Протоколдорду (түп нускаларын) сейф-пакеттерде жеткирип берүү жана өткөрүп берүү иши экинчи кезекте жүргүзүлөт. Бул үчүн УШКнын протоколунун эки нускасы өз-өзүнчө эки сейф-пакетке салынат жана сейф-пакеттин сырт жагындагы нускамага ылайык бекитилип, мөөрлөнөт.
Бекитилип мөөрлөнгөн сейф-пакеттердин алдыңкы бети төмөндөгүдөй таризде тастыкталат:
а) «ИЧИНДЕГИЛЕР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАР» деген бөлүк - № ________ участкалык шайлоо комиссиясынын протоколу;
б) «ЖӨНӨТҮҮЧҮ» деген бөлүк - _______________ (участкалык, райондук, шаардык, областтык) шайлоо комиссиясы;
в) «АЛУУЧУ» деген бөлүктө - жогору турган шайлоо комиссиясынын (райондук, шаардык, областтык, БШК) _______________ аталышы жазылат.
Толтурулган жана талаптагыдай таризделген сейф-пакеттер Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө кодекстин 44-беренесинин 19-пунктунун, 45-беренесинин 4-пунктунун талаптарына ылайык жеткирилип берилиши керек. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына жөнөтүлгөн сейф-пакеттерди ачууга тыюу салынат.
3. Сейф-пакеттерди өткөрүп берүү жана кабыл алуу акт түзүү жолу менен таризделет, актта сейф-пакеттин бүтүн экендигинин фактысы тастыкталып, аны өткөрүп берүүнүн датасы (күнү) жана убагы, шайлоо комиссияларынын сейф-пакеттерди өткөрүп берүүнү жана кабыл алууну жүзөгө ашырган мүчөлөрүнүн фамилиялары жана аты-жөнү, ошондой эле милдеттүү түрдө эки сейф-пакеттин идентификациялык номерлери көрсөтүлөт. Жогору турган шайлоо комиссиясына сейф-пакетти өткөрүп берүүдө аны берген (тапшырган) комиссияда кошумча көзөмөлдөө номери менен айрылма талон калат.
4. Сейф-пакеттерди кабыл алууда алардын бүтүн экендиги сөзсүз түрдө текшерилет. Мында сейф-пакетти механикалык жол менен, тоңдуруу, ысытуу же болбосо химиялык заттарды пайдалуу жолу менен анонимдүү түрдө ачууга аракет жасоодо мындай аракеттердин издери сөзсүз кала тургандыгын көңүлдөн чыгарууга болбойт, сейф-пакеттин индикатор тасмасынын астында OPEN (ачылган) деп жазылып калат. Сейф-пакетти кайра экинчи жолу колдонууга мүмкүн эмес.
Эгерде сейф-пакеттердин бири зыянга учурап же ачылып калса, жогору турган шайлоо комиссиясы башка сейф-пакетке салынган протоколдун окшоштугун текшерүүнү жүзөгө ашырат. Текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө тийиштүү түрдө акт түзүлөт, бул акт протокол менен кошо БШКга жеткирилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон