Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо депутаттыкка катталган талапкерлердин администрациялык укук бузуулары жөнүндө администрациялык иш козгоого макулдук берүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 6-октябры № 308 2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо депутаттыкка катталган талапкерлердин администрациялык укук бузуулары жөнүндө администрациялык иш козгоого макулдук берүү жөнүндө "Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 28-беренесинин 3-пунктунун жана Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 49-беренесинин ченемдерин жүзөгө ашыруу максатында жана 2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону натыйжалуу уюштуруу, шайлоо жана администрациялык мыйзамдардын ченемдеринин сакталышын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо төмөндө көрсөтүлгөн депутаттыкка талапкерлерге карата "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 49-беренесинин негизинде администрациялык иш козголсун, администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш жүргүзүлсүн жана карап чыгуу үчүн сотко берилсин:
1.Нифадьев Владимир Иванович -КРСУнун ректору
2.Акматбеков Манас Сулкарнаевич - КР ИИМ
3.Асанов Курсан Сатарович - Ош ш. ИИБ начальниги
4.Жоошбеков Заирбек Сулайманович - Ош облусунун Савай айылдык округунун башчысы
5.Базарбаев Толонбай - Отуз-Адыр поселкалык кецешинин башчысынын орун басары
6.Асылбеков Куттубек Бообекович - «Манас дүйнөсү» газетасынын редактору
7. Раимжанов Бакытбек Молдошевич - КР Улуттук статистика комитетинин Статистикалык Изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары
8. Дуйшебаев Ороспек Тукушович - «Талас балык чарбасы» МИ директору
9. Кулов Феликс Шаршенбаевич - Чакан жана орто ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча Дирекциясынын директору
10.Алиев Эмиль Турдугулович - Чакан жана орто ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча Дирекциясынын директорунун орун басары
11 .Тургуналиева Элиза Кызартбековна - Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчисинин катчысы
12.Тиллекова Назира Манасовна - «Кадырали-Ата» ЖЧКнын "Тамчы" газетасынын башкы директору
13.Адиев Каныбек Маматбекович - Социалдык камсыздандыруу мамлекеттик агенттигинин ички аудит башкармалыгынын башкы адиси
14.Базариева Гуляим Керималиевна - КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн адиси
15.Сарыбаев Русланбек Рыскулбекович - КР Финансы полициясынын улук оперуполномочени.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Н.Т.Шериповго
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон