Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Акшумкар» саясий партиясынын катталган талапкерлерин чыгаруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 27-сентябры № 282 "Акшумкар" саясий партиясынын катталган талапкерлерин чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 5-сентябрындагы № 200 токтому менен "Акшумкар" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси катталган. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына "Акшумкар" саясий партиясынын талапкерлердин тизмесинен Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлер Таширов Юсупту, Молдокматов Жеңишбек Өмүргазиевичти, Кочоров Калдыбек Исмаиловичти чыгаруу жөнүндө 2010-жылдын 25-сентябрындагы № 20 протоколу келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын, 27-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАТ
1."Акшумкар" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылсын:
-Таширов Юсуп; -Молдокматов Жеңишбек Өмүргазиевич; -Кочоров Калдыбек Исмаилович.
2.Катталган талапкерлердин күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын:
-"Акшумкар" саясий партиясынан 2010-жылдын 5-сентябрындагы №№ 33, 52, 105.
3.Бул токтом "Акшумкар" саясий партиясына билдирилсин.
4.Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон